Средняя общеобразовательная школа №87
  • Меню
  • Школа
    • О нас
    • Сотрудники
    • Программа развития
    • Учебно-воспитательная работа
    • Методическая служба
    • Воспитательная работа
    • Учебный процесс
    • Информационно-библиотечная служба
    • Социально-психологическая служба
    • Гордимся
  • Дистанционное обучение
    • РАСПИСАНИЕ ДИСТАНЦИОННОГО ОБУЧЕНИЯ в 2020-2021 уч.г.
    • Платформы для онлайн обучения
    • 1-класс
    • 2-класс
    • 3-класс
    • 4-класс
    • 5 классы
    • 6 классы
    • 7 классы
    • 8 классы
    • 9 классы
    • 10 классы
    • 11 классы
  • Новости
  • Ученикам
    • Школьный парламент
    • Расписание
    • Кружки и секции
    • Полезная информация
  • Родителям
    • Информация для родителей
    • Внутренний распорядок
    • Школьная форма
    • Общественные слушания
    • Электронная запись в школу
    • Общественное объединение / фонды
    • Попечительский совет
    • Коррупция
  • Галерея
  • Контакты
  • Объявление
КыргызскийРусский
  • Школа
    • О нас
    • Сотрудники
    • Программа развития
    • Учебно-воспитательная работа
    • Методическая служба
    • Воспитательная работа
    • Учебный процесс
    • Информационно-библиотечная служба
    • Социально-психологическая служба
    • Гордимся
  • Дистанционное обучение
    • РАСПИСАНИЕ ДИСТАНЦИОННОГО ОБУЧЕНИЯ в 2020-2021 уч.г.
    • Платформы для онлайн обучения
    • 1-класс
    • 2-класс
    • 3-класс
    • 4-класс
    • 5 классы
    • 6 классы
    • 7 классы
    • 8 классы
    • 9 классы
    • 10 классы
    • 11 классы
  • Новости
  • Ученикам
    • Школьный парламент
    • Расписание
    • Кружки и секции
    • Полезная информация
  • Родителям
    • Информация для родителей
    • Внутренний распорядок
    • Школьная форма
    • Общественные слушания
    • Электронная запись в школу
    • Общественное объединение / фонды
    • Попечительский совет
    • Коррупция
  • Галерея
  • Контакты
  • Объявление

Өнүгүү программасыӨнүгүү программасынын паспорту2018-2021-ж Өнүгүү программасы№87 жалпы орто билим берүү мектебинин өнүгүү программасы 2016-2021-ж Изилдөө этабыЖыйынтыктоочу этап

 

 

 

 

 

 

Өнүгүү программасы

Өнүгүү программасынын паспорту

2018-2021-ж Өнүгүү программасы

 

 

Бишкек шаарындагы Свердлов районуна караштуу №87 жалпы орто билим берүү мектебинин өнүгүү программасы

Программанын аталышы: №87 жалпы орто билим берүү мектебинин 2016-жылдан 2021-жылга чейинки өнүктүрүү программасы

Тема:  “ Ар кандай деңгээлдеги окуучуларга дифференцирленген мамиле   кылуу менен билим сапатын жогорулатуу”

Программанын жетекчиси:  Исанова Ж.М. – мектеп директору

Жооптуу аткаруучу: Сүйналиева М.М.  – илимий усулдук иштер боюнча директордун орун басары

Программанын максаты: Ар кандай деңгээлдеги  окуучулар менен иштөө, сабак учурунда деңгээл боюнча тапшырмаларды берүү менен ар бир окуучунун бардык предметтерге кызыктыруунун жолдорун таба билүү жана алардын жыйынтыгын чыгаруу

2019-2020-жылы окуу жылдарында программанын жыйынтыктоочу  этабы ишке ашырылды. Тактап айтканда мугалимдердин, усулдук бирикмелердин деңгээлдештирип иштөө боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу, компетенттүү окуучулардын окуу процессиндеги активдүүлүгү көрсөтүлдү.

Программанын милдетти:  Ар түрдүү деңгээлдеги окуучуларга   дифференцирленген мамиле кылуу менен ар тараптан өнүккөн  чыгармачыл изденген, өз Ата Мекенин сүйгөн, аны коргой билген, патриоттук духта  тарбияланган толеранттуу, компетенттүү  инсанды тарбиялоо

Программанын ишке ашыруу мезгилдери жана этаптары

Программа 2016-2021-жылдары төмөнкү этаптар менен ишке ашты:

1-этап: Теориялык таанышуу этабы (2016-2017-окуу жылы ) – ар кандай деңгээлдеги окуучуларга дифференцирленген мамиле кылуунун жолдору менен таанышуу.Окуучулардын билим деңгээлин текшерүү.

2-этап: Практикалык этабы ( 2017-2018, 2018-2019-окуу жылы) – окутуунун  активдүү формаларын колдонуу менен ар кандай деңгээлдеги окуучуларга дифференцирленген мамиле кылууну мугалимдердин иш тажрыйбасынан көрүү, мугалимдердин деңгээлдештирип иштөө боюнча иш чараларын жайылтуу

3-этап: Изилдөө этабы (2019-2020-окуу жылы)  — деңгээлдештирип окутуу боюнча билим сапатынын мониторингин чыгаруу окуучулардын чыгармачыл иштерин уюштуруу

4-этап: Жыйынтыктоочу этабы (2020-2021-окуу жылы) мугалимдердин, усулдук бирикмелердин деңгээлдештирип иштөө боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу, компетенттүү окуучулардын окуу процессиндеги активдүүлүгүн көрсөтүү.

Мектеп 720 окуучуга ылайыкталып салынып, ишке 2006-жылы 30-мартта берилген. Азыр мектепте 2268 окуучу окуйт, 1-4-класстар үч кезметте, ал эми 5-11-класстар эки кезметте окушат. 5 күндүк окуу күнү.

2016-2021-окуу жылдары мектеп “ Ар кандай деңгээлдеги окуучуларга дифференцирленген мамиле   кылуу менен билим сапатын жогорулатуу” деген өнүктүрүү планын негизинде иш алып барды.

Мектептин 5 жылдык өнүктүрүү  программасын теориялык, практикалык, изилдөө жана жыйынтыктоочу этаптарын ишке ашыруу үчүн  усулдук бирикмелерде, методикалык , педагогикалык кенешмелердин отурумдарында мугалимдер тарабынан докладдар окулуп, өз ара иш-тажрыйбаларынан бөлүшүшүп, теманы оң жана терс жактары аныкталып, алардын үстүнөн иш алып барылды.

1-этап

 

2-этап3-этап4-этап
Таанышуу этабы

2016-2017

Практикалык этабы

2017-2018, 2018-2019

Изилдөө этабы

2019-2020

Жыйынтыктоо этабы

2020-2021

Бул этапта тема менен жакындан таанышуу иштери жүргүзүлдү. Ар бир усулдук бирикмеде, педагогикалык кеңешмеде таанышуу этабына байланыштуу докладдар окулуп, талкууланып турду. Жалпы 14 доклад окулду.Окуучуларга дифференцирленген мамиле жасоону мугалимдердин иш тажрыйбасынан көрүлүп,  аларды жайылтууга басым жасалып, билим сапатынын мониторинги чыгарылып,  салыштырылып турду.  Окуулган докладдарда практикалык этапка басым жасалды. Жалпы 16 доклад окулду.Мугалимдердин деңгээлдештирип иш алып барууларынын натыйжаларын изилдеп, окуучулардын билим сапаты аныкталды. Семинарлар, декадаларда дифференцирленген окутуунун түрлөрүн колдонуп, иш тажрыйбалары жайылтылды. Бул этапта 10 доклад окулуп, талкууланды.Мугалимдердин, усулдук бирикмелердин деңгээлдештирип иштөө боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Жалпысынан 11 доклад окулду. Окулган докладдар практикалык жактан ачылып, мугалимдер өз иш тажрыйбасына колдоно алышты.

Программанын маалымат-аналитикалык негизи

Мектептеги жалпы коллективдин сандык сапаттык курамы жөнүндө маалымат:

 2016-20172017-20182018-20192019-20202020-2021

 

Жалпы пед кыз. саны8885888888
Жогорку билимдүү7675707474
Атайын

 орто

1210181414
Эл агар. мыктысы46456
Билим берүү

министр. гр.

33748

 Өз билимин өркүндөтүү боюнча курстан өткөн мугалимдер боюнча маалымат:

Ар бир окуу жылында мектептин педагогикалык жамааты өз билимин өркүндөтүү максатында өздөрүнүн иш-тажрыйбаларын жаңылап, курстан өтүп турушат.

Курстан кайсы жерден өтүштү2016-20172017-20182018-20192019-20202020-

2021

Жалпы

 

КББА144211111896
Креатив-Таалим— 2  2
АӨБ345  12
ЮСАИД “Келгиле окуйбуз!— 17  17
Лингва2422212
УЦА— 7 513
ЮНИСЕФ (Кыздар илимде)    55
GLOBE    11
жалпы1950441331158

 Педагогикалык жамааттын 5 жыл ичинде кыска жана узак убактта курстан өткөндүгү боюнча төмөндөгүдөй жыйынтыкты көрө алабыз:

Окуу жылдары Кызматкерлердин саныКурска барган мугалимдердин саны Узак мөөнөт Кыска мөөнөт 
2016-2017

 

881917222%
2017-2018

 

855042858%
2018-2019

 

884435950%
2019-2020

 

881311215%
2020-2021

 

8831193335%

Жаш мугалимдер менен иштөө

Ар бир окуу жылында мектептин педагогикалык жамааты жаңы мугалимдер менен толукталып турат. Алардын көпчүлүгү окуу жайды жаңы бүтүп, алгачкы эмгек жолун баштаган жаш мугалимдер болуп эсептелет. 5 жыл ичинде эмгек стажы 3 жылга чейинки 94 жаш мугалим эмгектенди.

Пед стажы 2016-20172017-20182018-20192019-

2020

2020-

2021

 

Жалпы

Жаш мугалимдердин саны211615222094
1-жыл иштегендер641114843
2-жыл иштегендер10826935
3-жыл иштегендер5422316

 Беш жылда өткөрүлгөн шаардык семинарлар:

Мектепте эмгектенип жаткан мугалимдердин иш тажрыйбаларын шаарга жайылтуу боюнча токтолсок, 5 жыл ичинде 5 шаардык, 1 райондук семинар өтүлүп, катышкан мугалимдер жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери тарабынан “эң  жакшы” деп бааланды.

 2016-20172017-20182018-20192019-

2020

2020-

2021

Шаардык семинарлар кайсы предметтен өттү?Орус тили

Тема: “Требования, преьявляемые к современному уроку о способы повышения образоваия школьников на уроках русского языка и литературы в национальной школе”

Кыргыз тили, адабияты

Тема: “Ааламдык адабияттын алптары-Чыңгыз жана Алыкул”

ИУИ б/ча орун басарлар үчүн

Тема: “Билим берүү жана тарбиялоо процессин уюштуруудагы заманбап педагогикалык технология”

География

Тема: “География сабагын окутууда практикалык иштерд уюштуруунун жолдору”

 
Башталгыч класс

Тема: “Башталгыч класстарда окуу-тарбиялоо процессин өркүндөтүүнүн жолдору”

Физика жана информатика

Тема: “Предметтик компетенттүүлүктү сабакта жана класстан тышкаркы иштерде өнүктүрүү”

Англис тили

Тема: “ Англис тили – эл аралык баарлашуу тили”

Жалпы

 

1321—

 Райондук, шаардык конкурстарга катышуу

2016-2021-беш жылдыкта “Жүрөгүмдү балдарга арнаймын” аттуу райондук, шаардык конкурстарга катышуу боюнча маалыматтар:

   Конкурстар

 

 

Окуу

 жылы

“Эң мыкты жаш мугали”“Эң мыкты класс жетекчи”“Эң мыкты мугалим”“Эң мыкты жалпы билим берүүчү орто мектеп”“Эң мыкты окуу кабинети”
2016-2017СыдыковаЖ.З –биология мугалими 3-орунИнформатика кабинети 1-орун
2017-2018Зарылбек кызы Жазгүл – англис тили мугалимиКыдыбаева К.А. – башт. класстардын мугалими№9 башталгыч класстардын кабинети 1- орун
2018-2019Казакова Н. О. – тарых мугалими

2-орун

Шаардык сынакта 3-орун

№23 Манас кабинети
2019-2020“Мыкты жалпы билим берүү мектеп”              2-орун
2020-2021 

 

 

Мектеп ичинде ата-энелер үчүн “Ачык эшик” өткөрүү

Окуу жылыКайсы темада өткөрүлдү?Канча ата-эне катышты?
2016-2017—

 

2017-2018Ата-эне, окуучу, мугалим …

 

1200
2018-2019Ата-энелер менен байланышты күчөтүү

 

840
2019-2020Мыкты педагог Г. Мадаминов менен “Чыныгы мугалим окуучуну гана эмес, ата-энени да тарбиялайт”440
2020-2021—

 

Мындан тышкары мектепте ата-энелер менен иш алып баруу төмөндөгүдөй формада жүргүзүлдү:

  • Ата-энелер чогулушу;
  • Ата-энелер менен класс жетекчинин, мектеп администрациясынын жекече аңгемелешүүсү;
  • Ата-энелер үчүн ар кандай темадагы семинар-тренингдер

Окуучулардын 5 жылдык билим сапаты боюнча маалымат:

Мектептин методикалык темасынын негизинде билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясытын ишке ашыруу үчүн окуучулардын  окуу программаларын өздөштүү деңгээлине жараша педагогдор дифференцирленген мамиле кылуунун үстүндө иш алып барып жатканын байкоого болот.

Билим сапаттын жылдан-жылга стабилдүү өсүшү окутууда түрдүү формадагы инновациялык ыкмаларды пайдалануу менен ар бир окуучуга дифференцирленген мамиле кылуу аркылуу түшүндүрүлөт. Билим  сапатын аныктоо максатында даярдалган диагностикалык-анализдик иштер окуучулардын  жаш өзгөчөлүктөрүнө, окуу программасына негизделип түзүлүп, окуучунун өзүнүн жөндөмүн, билимин, логикалык ой толгоосун жана өзүнө баа берүүгө дем берет.

Чейрек сайын окуу программасынын аткарылышы, жазуу иштеринин, лабораториялык , практикалык жана текшерүү иштеринин алынышы көзөмөлдөнүп турду. Ошондой эле план боюнча окуучулардын билим сапаты текшерилип мониторинг жүргүзүлдү.

Мектептин эң негизги приоритеттүү багыты болуп окуучулардын билим сапатын жогорулатуу эсептелет. 5жылдагы чейрек боюнча билим сапат төмөндөгүдөй болду.

Чейректер 2016-20172017-20182018-20192019-20202020-2021
Ι  27%27%28%28%29%
ΙΙ32%32%32%32%32%
ΙΙΙ36%36%35%36%33%
ΙѴ39%37%37%37%36%
жылдык38%36%37%37%35%

 

Анализ: Мектептин жалпы билим сапаты  2016-2017-окуу жылында 38%ды берип, 2017-2018-окуу жылында 2%га түшүп кеткен. Ал эми 2018-2019, 2019-2020- окуу жылында 37% сакталып,  2020-2021-окуу жылы 35% ды берген. Себеби көпчүлүк класстар онлайн окутууда калгандыктан билим сапаттын өсүшүнө терс таасирин тийгизген.

 

Ал эми башталгыч класстарды жана ортоңку, жогорку класстарды бөлүп караганда билим сапат төмөндөгүдөй көрсөткүчтү көрсөттү.

Окуу жылы1-4 класстар5-9-класстар10-11-класстаржалпы
Билим сапатжетишүүБилим сапатжетишүүБилим сапатжетишүүБилим сапатжетишүү
2016-201744%99%33%100%40%100%38%100%
2017-201843%99%33%100%31%100%37%99%
2018-201942%99%32%99%46%100%37%99%
2019-202037%100%33%100%40%100%37%100%
2020-202137%100%32%100%43%100%35%100%

Анализ: башталгыч класстардын 2016-2017-окуу жылынан тарта жалпы билим сапат 1-2% га төмөндөп отуруп, 44%дан 37%га түшүп кеткен. Башталгыч класстарда окуучунун саны көп болгондуктан мугалимдер тез-тезден келип-кетип, класстарда улантмалуулук сакталбай калган. Ар бир мугалим окуучулардын билимин ар кандай деңгээлде баалашкан.

Ортоңку звенодогу класстарда 33% менен башталып, 32% пайызга төмөндөгөн. Бул айрым класстарда окуучулардын келип кетүүсүнө байланышып калган.

Ал эми жогорку 10-11-класстарда 40% менен башталып, 2017-2018-окуу жылында 8%га түшүп кеткен, кайра 46% га көтөрүлүп, быйылкы окуу жылында 43% менен аякташты. Мында да билим сапат стабилдүү өскөн эмес.

Ал эми предметтер боюнча 2-11-класстардын жыйынтыгы төмөнкүдөй көрсөткүчтү көрсөттү.

Предметтердин аталышы2016-2017-окуу жылы2017-2018-окуу жылы2018-2019-окуу жылы2019-2020-окуу жылы2020-2021-окуу жылы
билим

сапат

жетишүүбилим

сапат

жетишүүбилим

сапат

жетишүүбилим

сапат

жетишүүбилим

сапат

жетишүү
Кыргыз тили54%100%65%100%61%100%63%100%59%100%
Кыргыз адабияты58%100%60%100%71%100%64%100%60%100%
Орус тил50%100%61%100%62%100%58%100%54%100%
Орус адабияты47 %100%66 %100%65 %100%50%100%49 %100%
Математика (5-1138%99%44%99%43%99%41%99%42%99%
Англис тил (3-11)48%100%55%100%52%100%60%100%55%100%
Физика40%100%49%100%45%100%50%100%45%100%
Химия40%100%42%100%43%100%43%100%49%100%
Кыргызстандын жана дүйнөнүн  тарыхы58%100%57%100%63%100%66%100%64%100%
Информатика50%100%65%100%60%100%54%100%57%100%
География53%100%55%100%58%100%58%100%61%100%
Биология42%100%53%100%53%100%52%100%48%100%
Адам жана коом56%100%57%100%58%100%55%100%58%100%
Музыка90%100%91%100%96%100%94%100%96%100%
Көркөм өнөр89%100%85%100%89%100%89%100%91%100%
Табият таануу62%100%63%100%54%100%60%100%68%100%
Дене тарбия94%100%87%100%91%100%91%100%94%100%

 

Микро участок боюнча маалымат

Мектеп Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу “Келечек” конушунда жайгашкан. “Келечек” конушу 15 көчөгө бөлүнгөн. Ар бир көчөнүн көчө башчылары шайланган. Микроучасток менен иш алып барууда  көчө башчылары менен биргеликте иш жүргүзүлөт. Микроучасток боюнча  5 жылдык  маалымат:

Окуу жылдары Микроучасток боюнча окуучулардын саны№87 орто мектепте окуган окуучулардын саны Башка мектепте окуган окуучулардын саны Мектепке чейинки 6 жаштагылар
2016-20171317821274125
2017-20181378928260186
2018-201914191002283141
2019-202012891003284110
2020-202113331057276118

 

№87 жалпы орто мектепте окуучулар бир гана “Келечек” конушунан эле келип билим албастан, жакын жайгашкан жаңы конуштардан жана ошондой эле шаар ичинен да келишет.

Мектепте башка жактан келип окуган окуучулар боюнча маалымат:

Окуу жылдары Окуучун саныКелечекАк-жарАк-БатаДордойТөмөнкү

Аларча

ТендикКалыс ордоШаар
2016-2017184294246815312356141572
2017-2018200010205711808145181570
2018-2019213711126261957038181263
2019-2020221610827131985745221675
2020-20212268105777023145511511142

 

Бүтүрүүчүлөр боюнча маалымат:

Мектеп жыл сайын бүтүрүүчүлөрдү уясынан учуруп, жаңы мотурайган бөбөктөрдү кабыл алат. 5 жыл ичинде жалпы 9-кл 634 окуучу аяктаса, 11-классты 240 окуучу аяктап, турмуш жолуна аттанышты. Ар бир бүтүрүүчүнүн кайсы окуу жайга тапшыргандыгы боюнча мектеп маалымат топтоп турат.

 

Класстар2016-20172017-20182018-20192019-20202020-2021жалпы
9-кл135150153196156634
11-кл4247494755240

 Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы:

ЖРТнын жыйынтыгына токтолсок, анда 110 баллдан жогору алган окуучулардын саны жылдан – жылга өскөнүн байкай алабыз. Эң жогорку балл акыркы 4 жыл ичинде 190, 200 дүн тегерегинде болуп жатат.

Окуу жылдары жалпыКатышты Орточо баллы 110 баллдан жогору алгандардын саныЭң жогорку балл
2016-2017423912024163
2017-2018474512026195
2018-2019494913239200
2019-2020474712433193
2020-2021555312433192

 

2016-2021- окуу жылындагы окуучулардын катышкан райондук жана шаардык олимпиадалар боюнча маалыматтар:

Окуу жылы Райондук   Шаардык 
Предмети Окууч аты, жөнүЭэлег. ордусаныПредмети Окууч аты, жөнүЭэлегордуСаны
2016-2017Биология

 

Төлөнбек кызы Айчүрөк18География

 

Жаркынбай к. Айдай32
ТарыхМаксат уулу Ислам1ХимияСарубек к Диана3
Химия

 

Сарубек кызы Диана1

 

География

 

Жаркынбай к. Айдай2

 

ТарыхТыныбек к.Айгерим3
Англис тилиКошбаев Султан

 

3
физикаАшырбай к Нуриза3
физикаТемирбек к Айымкул3
2017-2018ТарыхМаксат у Ислам

Бекболсун у Кайрат

1

1

15
ХимияСарубек к Диана1
Орус тилиМырзагулов Б.2
физикаАсилбекова Ы.2
ГеографияРахманберди к А.2
Англис тилиОболбекова М.
физикаАшырбай к Нуриза3
Англис тилиСадирова Нуриза3
Кыргыз тилиУран к Айзада

Рысбекова Айдай

3
География

 

Марат у Ырыскелди

Жаркынбаева А

3
БиологияАлымбекова Аделя

Нуржан к. Малика

3
2018-2019Орус тилиМырзагулов Б.17
ФизикаКурман к Зелфира1
ТарыхКанатбекова А.

Иманкулов Камчы

2
ГеографияМарат у Ырыскелди2
Кыргыз тили Рысбекова Айдай

 

3
География

 

Жаныбеков Улан3
2019-2020—
2020-2021ТарыхОмурбекова Сезим23
ХимияСаатова Мадина2
Тарых

 

Талант уулу Нур3

 

Мындан тышкары окуучулар илимий-изилдөө иштерин  өнүктүрүү максатында эл аралык конференцияларга, ар түрдүү конкурстарга катыштырп келдик. Кыргыз Билим берүү Академиясы менен биргеликте таланттуу, чыгармачыл окуучулар менен семинар уюштурулуп, окуучулар илимий изилдөө долбоордук иштерди жазуунун талаптарын үйрөнүштү.

Мектеп окуучуларынын ар түрдүү тематикадагы кароо-сынактарга катышуунун 5 жылдык жыйынтыгы:

Окуу жылы Катышкан окуучунун аты-жөнү, классы, ээлеген ордуТемасы Илимий жетекчиси
2016-2017

Эл аралык илимий конференция

1.    Темирбек уулу Тилек 10-б кл 3-орунКалпак-кыргыз погонуКазакова Н.О.
2.    Максат уулу Ислам 10-б кл

2-орун

Чүкө оюндары жана чүкө жөнүндөКазакова Н.О.
3.    Жанарбекова Мунара 11-а кл

 

Ислам дининин таралышыТурунтаева К.А.
4.    Бекназаров Жакшылык 10-б кл 1-орун

 

Кыргыздарда кой союп, устукан тартуу каада-салтыКазакова Н.О.
5.    Капарбекова Адина 11-б кл 1-орун

 

Кыргыз ысымдарынын сөздүк түзүлүшүнүн

өзгөчөлүктөрү

Турунтаева К.А.
6.    Төлөнбек к Айчүрөк  11-б кл 3-орунГен инженериясы бүгүн жана эртеңСыдыкова Ж.З.
7.    Жаныбек кызы Айгерим 10-б кла 2-орунКыргызстандын экологиясынын глобалдуу жагдайларыСыдыкова Ж.З.
8. Темирбек к Айгерим 11-а кл 3-орунБоз үйдүн жасалышындагы геометриялык фигуралардын кезигишиЧечеева М.З.
2017-2018

Илимий-практикалык конференция

1.    Бекназаров Жакшылык  11-б кл

1-даражадагы диплом

“Талкаланып, тонолуп бара жаткан үлкөн кыргыз тарыхы же изи өчүп бара жаткан ата-бабам баскан жол»Казакова Н.О.
“Жаш Манасчылар

 

2.  Рахатбек уулу Арзуу-Бек   7-б кл “Манастын бала чагы”

 

“Манастын бала чагы”Сагынбаева Г.М.
КЭУнун 6-экономикалык олимпиадасы3.    Садирова Нуриза 10-б класс 3-орун

 

Маманазарова С.Б.
КМЮАнын Кыргызстандын тарыхы боюнча олимпиада 4.    Бекболсун уулу Кайрат 10-а класс 3-орунСагынбекова А.Д.
5.    Илияс уулу Нурдөөлөт 11-б класс

Кызыктыруучу сыйлык

“Ыйык Ата журт” коомдук жаштар фонду 6.      “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылыт” 2-орун 

 

 

Кубанычбек кызы К.

 

 

 

7.             8-класстын окуучулары

“Интеллектуал мырза”  11-кл окуучулары 1-орун

“Аймак ышкыбоздору — 2018”Мамажанова Аделя  8-в класс

1-даражадагы диплом

1-даражадагы диплом

3-орун

Додоева Ж.
Камалдин кызы Атыргүл  7-г класс

3-орун

“Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам” Камалидин кызы Атыргүл  7-г класс

2-даражадагы диплом

2-даражадагы дипломДодоева Ж.
Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Президент сүйлөйт”Ж.Бекназаров  11-б класс

Баш байге

Кубанычбек кызы К.

 

 

2018-2019

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата көркөм окуу кароо сынагы

 

 

Өмүрбек кызы Айжамал 7-в кл

3-орун

Абдирайимова К.а.
КМЮА “Мен жана менин укугум”Жыргалбеков Тилек 9-б кл 1-орун

Мамадалиев Алишер 9-б кл

Кызыкт. сыйлык

Казакова Н.О.
КМЮА илимий олимпиада “ШЕРЛОК” командасы

2-орунга

Казакова Н.О.
“Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду8-9 класстар

1-орун

Эсеналиев Ж.М.
“Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду«Brain Team» 8-класс

«Инновациялык долбоорлор» 9-класс

“Жаш билерман” 10-класс

“Келечекке карай жол” 11-класс

Кызыктыруучу белектер менен сыйланыштыКиркирекова Р.М.
Турциянын Стамбул шаарында өтүлгөн “Түрк дүйнөсү” эл аралык фестивалМурзалиев Нуржигит 4-в класс
УАМ согуштун Жеңишинин 74 жылдыгына арналган “Эрдиктердин изи менен” Республикалык сырттан өтүүчү кароо-сынак1.      Өмүрбекова Сезим 8-б кл

2-орун

 

 “Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги менин жакындарым”Алидинова Ж.Ч.

 

 

2.      Талантбек кызы Э. 8-д кл.            3-орун

“Согуш учурундагы балдардын жашоо-турмушу” 

Топчубек к. Н.

3.      Канатбекова А. 10-б кл                  2-орун“Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги менин жакындарым” 

Турунтаева К.А.

4.      Маматов Бактыбек 10-а кл

Кызыктыруучу сыйлык

“Элесиң кетпейт эсимден”

 

Маманазарова С.Б.

 

 

5.      Тиркешова Асия 11-а кл сүрөт тартуу боюнчаМаманазарова С.Б.
“Манас таануу” интеллектуалдык таймаш“Улуу Мурас” командасы 9-класстын окуучуларынан түзүлгөн 4-орунСүйналиева М.М.
Кыргыз радиосунун “Акыл таймаш” сынагы6-класстын окуучулары 1-орун1-орунТурунтаева К.А.
Улуу  Жеңишинин 74 жылдыгына арналган музей, бурчтардын кароо-сынагыМектептин “Өчпөс от” бурчу

1-орун

1-орунКазакова Н.О.

Маманазарова С.Б.

 

 

“Мектеп лигасы”

Спорт оюндары боюнча

 

Мини футбол

Дарст

Стол тенниси

Грек-рим күрөшү

Баскетбол (кыздар)

— балдар

Валейбол (кыздар)

-балдар

Жеңил атлетика

Бадминтон

Тогуз коргоол

 

 

3-орун

2-орун

1-орун

3-орун

3-орун

2-орун

1-орун

3-орун

2-орун

1-орун

2-орун

 

 

 

 

 

 

Эсеналиев Ж.М.

Өмүрбек к. Ы.

Мадирайимов А.Ж

2019-2020

Илимий-изилд— долбоору

Жыргалбеков Тилек 10-а клТалкаланып тонолуп жаткан үлкөн кыргыз тарыхы (Изи өчүп бара жаткан ата-бабам баскан жол)Казакова Н.О.
Кошбаев Назар 10-а клЭкинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги англис тилинин ролуЖумабекова Ж.С.
Талантбек кызы Элзина 9-еДетство, опаленное войнойТентиева А.К.
Ибраимова Канышай Шамуратовна  6-а клИстория одного слова – «Победа»Тентиева А.К.
11-а кл Маматов Бактыбек  1-орун“Первый бросок победы”Наркозиева А.Т
9-б кл Өмүрбекова Сезим

Кубанычбекова Бегимиай

Согуш мезгили кыргыз адабий чыгармаларындаСагынбаева Г.М.
Талант уулу Нур 8-д клКалпак кыргыз погонуСалимова А.Ы.
Изилдөө долбоору

“Тил-достуктун ачкычы”

Аскар кызы Медина 10-б кл

Мадирайимова Айнази 10-а кл

Корей элинин тили жана маданиятыСүйналиева М.М.
2020-20218-а кл Адылбеков УмарКартошка кытырагы менен чипсинин адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасириСыдыкова Ж.З.
9-д кл Талант уулу НурТалкаланып тонолуп жаткан үлкөн кыргыз тарыхы же изи өчүп бара жаткан ата-бабам баскан жолКазакова Н.О.
Мамлекетти тилдин 31 7-а класстын окуучусу Ибраимова Канышай 1-орун,Кабылова Д.Т
жылдыгына карата 6-11-класстын окуучулары “Китеп – билим булагы” аттуу шаардык кароо-сынак7-класстын окуучусу Жээнбеков Абзал 2-орун,Турунтаева К.А
10-классынын окуучусу Омурбекова Сезим 1-орунСагынбаева Г.М
Эл аралык эне тил  күнүнө карата арналган “Манас айтуу” кароо-сынак

 

7-б классынын окуучусу Жээнбеков Абзал 1-орунТурунтаева К.А
Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академия тарабынан Кыргызстан тарыхы боюнча 9-класстар арасында олимпиадаКазипова Жылдыз,  2-орун, Рахманбердиева Мадина, Талант уулу Нур 3-орун

Турдиева Чолпонай, Омурбекова Сезим кызыктыруучу сыйлык

 

 

Казакова Н.О
Кыргыз Экономикалык Университети  Экономика жумалыгыАга   9-10-класстардын окуучуларынан “Прогресс” деген командасы түзүлүп, катышышып 1-орунга ээ болушту.Маманазарова С.Б.

 

Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата шаардык  “Сабаттуу бол” аттуу жат жазуу жазуу боюнча сынак9-д кл Казипова Жылдыз 1-орун

 

Сагынбаева Г.М.

 

Окуучулардын социалдык абалы

Окуучулардын социалдык абалы боюнча маалыматка токтолсок:

Окуу жылдарыТоголок жетимЖарым жетиИнвал.Аз кам. Үй бүлөКөп балалууТолук эмес үй бүлө Черноб Баткен Афганистаништегендержалпы
2016-201769311140264205—2446771
2017-20186721460192176——250574
2018-20194851328287178—3431633
2019-202041061365255184—6328664
2020-202141041754157224—613570

 

Мектептин ресурстук базасы:

Китепкананын окуу китептери менен камсыз болушу:

 2016-2017-окуу жылы2017-2018-окуу жылы2018-2019-окуу жылы2019-2020-окуу жылы2020-2021-окуу жылы
Окуу китеби2620026334269092606126000
Көркөм китеп529529490578578
Усулдук колдонмо498498510482482
Окуу китеп менен камсыз болушу72, 3%71, 9%92%82%83,30%

 

Акыркы 5 жылдыкта мектептин материалдык техниканын базасын чыңдоо боюнча көп аракеттер жүрдү. Азыркы учурда мектептеги техникалык каражаттардын саны:

Компьютер Интерактивдүү доскаТелевизор Ноутбук Панель
28132052

 

Мындан тышкары музыкалык аппаратура, камера, 7 проектор, 20 ДВД бар. Ошондой эле MaxLink  байланыш оператору тарабынан интернет түйүнү 15 окуу кабинетине кошулган.

Окуучуларга сапаттуу билим берүүдө мыкты жабдылган окуу кабинети маанилүү ролду ойнойт. Мектептеги 35 окуу кабинетипрофилине жараша тиешелүү окуу методикалык, дидактикалык жана таркатма материалдар менен камсыздалып, паспорттоштурулган жана иш пландар түзүлгөн. Коопсуздук техникаларынын эрежеси, санитардык-гигиеналык нормалар сакталат.

 

Мындан тышкары тарбия иштери боюнча төмөнкү багыттарда иш жүргүзүлдү:

  • Нравалык тарбия;
  • Эстетикалык тарбия;
  • Эмгекке тарбиялоо;
  • Ден соолукту чыңдоо;
  • Патриоттуулукка тарбиялоо;
  • Окуучулардын өзүн-өзү башкаруу уюмун өркүндөтүү;
  • ИДН менен биргеликте иш алып баруу.

Ал эми методикалык иштер боюнча:

  • Мугалимдердин мектептин өнүктүрүү планынын негизинде тандап алган темасынын үстүндө иштөөсү;
  • Курстан өтүүсү;
  • Ачык сабактарды өтүүсү;
  • Жолдоштук сабактарга кирүүсү
  • Ачык сабактарды уюштуру (декада, жумалык)
  • Чыгармачыл мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу жана алмашуу жаатында иштер жүргүзүлдү.

2016-2021-окуу жылдары мектептин өнүктүрүү программасынын  жыйынтыктоочу  этабында пландаштырылган иш чаралардын бардыгы ишке ашты.

Сунуштар:

  • Мектептин тандап алган окуу-тарбиялык темасынын жыйынтыгын көрүү максатында билим сапатынынын мониторингин чыгарып, анализ жүргүзүү.
  • Билим берүүдө инновациялык өнүгүүлөрдү камсыз кылуу менен окуп, үйрөнгөндөрүнүн натыйжалуулугун арттыруу;
  • Мугалимдер арасында өз ара окутуунун ишке ашыруу, методикалык иштер аркылуу тажрыйба алмашуу.
  • Мектептин 2016-2021-жылына карата түзүлгөн өнүктүрүү планынын негизинде жүргүзүлгөн иштер “канааттандыраарлык” деп табылсын.
  • 2021-2025-окуу жылдарына карата түзүлгөн өнүктүрүү планы  2016-2021-окуу жылына карата түзүлгөн планы улантылып, иш жүргүзүлсүн.

 

 

Программанын аталышы:  №87 жалпы билим берүү орто мектебинин                              2016-жылдан 2021-жылга чейинки өнүгүү программасы

Тема:  “ Ар кандай деңгээлдеги окуучуларга дифференцирленген мамиле   кылуу менен билим сапатын жогорулатуу”

Программанын максаты: Ар кандай денгээлдеги  окуучулар менен иштөө, сабак учурунда деңгээл боюнча тапшырмаларды берүү менен ар бир окуучунун бардык предметтерге кызыктыруунун жолдорун таба билүү жана алардын жыйынтыгын чыгаруу

2019-2020-жылы окуу жылдарында программанын жыйынтыктоочу  этабы ишке ашырылды. Тактап айтканда мугалимдердин, усулдук бирикмелердин деңгээлдештирип иштөө боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу, компетенттүү окуучулардын окуу процессиндеги активдүүлүгү көрсөтүлдү.

Программанын милдетти:  Ар түрдүү деңгээлдеги окуучуларга   дифференцирленген мамиле кылуу менен ар тараптан өнүккөн  чыгармачыл изденген, өз Ата Мекенин сүйгөн, аны коргой билген, патриоттук духта  тарбияланган толеранттуу, компетенттүү  инсанды тарбиялоо

Белгиленген максатты ишке ашырууда төмөнкү маселелердин үстүндө иш жүргүзүлдү:

Программаны ишке ашыруудагы милдеттерКүтүлүүчү жыйынтык
Педагогикалык процессти жана башкаруу чечимдеринин эффективдүүлүгүнүн сапатын  диагностикалоону иштеп чыгуу Педагогикалык кадрлардын ар бир окуучу менен деңгээлдештирип иштөөдөгү жекече мамиле кылуусу жогорулайт.
Окуу-тарбия процессинде мектепте түзүлгөн жагдайлардын деңгээлин изилдеп чыгууМектептин кадыр-баркынын өсүшү жана коомчулук тарабынан колдоого алынуусу жогорулайт.
Мектеп ичинде чыгармачыл иштеген мугалимдердин конкурстарын уюштурууПедагогикалык ишмердүүлүк процессинде кесиптик чеберчилик  жогорулайт.
Турмуш шарты оор окуучуларга аяр мамиле кылуунун дифференцирленген жолдорун иштеп чыгууМектеп педагогдорунун социалдык-кесиптик статусу өсөт.
Кабинеттерди конкурсуна алып чыгууОкуу процессинин маалымат жактан камсыздоонун эффективдүү системасы түзүлөт.
Чыгармачыл изденүү менен эмгектенген жаш мугалимдердин иш тажрыйбасын мектеп ичинде жайылтууЖаш мугалимдердин толеранттуулугу, компетентүүлүгү жогорулайт.
Окуу тарбия процессинде мектепте түзүлгөн жагдайлардын деңгээлин изилдеп чыгууОкуу тарбия процессиндеги көйгөйлөр аныкталат.
Окуучулардын ден соолугун анализдөөнүн жыйынтыгы менен ата-энелерге маалымат берүүОоруган окуучулар төмөндөйт, ата-энелер балдарынын ден соолугу  боюнча  маалымат алып турат.

 

    Жогорудагы программаны  ишке ашырууда мектептин методикалык темасынын негизинде билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу үчүн окуучулардын окуу программаларын өздөштүрүү деңгээлине жараша педагогдор дифференцирленген мамиле кылуунун үстүндө иш алып барып жатканын байкоого болот. Окуу жылында билим сапатын аныктоо максатында, старттык, аралык жана жыйынтыктоочу жазуу иштери алынып, жыйынтыктары өз учурунда чыгарылып турду. Билим сапатынын жылдан-жылга стабилдүү өсүшү окутууда түрдүү формадагы инновациялык ыкмаларды пайдалануу  менен ар бир окуучуга дифференцирленген мамиле кылуу аркылуу түшүндүрүлөт.

2020-2021-окуу жылынын башында окуучулардын саны-2271окуучуну түздү.  Анын ичинен  1-4-класстар-1092,  5-9-класстар-1050,  10-11-класстар 129 окуучуну түздү. Балдар 1121,  кыздар  1150.

Жалпы 63 класс-комплект түзүлдү.

1-4-класста — 29 класс-комплект, 5-9-класста 30  класс-комплект, 10-11-класста 5 класс-комплект. Ал эми жыл аягында  1-4-класстарда 1083,  5-9-класстарда 1051, 10-11-класстарда 128 окуучу, жалпы 2262 окуучу  аяктады

Мектептин педагогикалык жамааты:

Кызматкерлердин саныЖогорку билимдүүБүтпөгөн жогоруАтайын ортоББИМ

“Ардак грамотасы”

Эл агартуунун мыктысы
887411386

 

Педагогикалык стажы боюнча

3 жылга чейин4-10 жылга чейин11-15-жылга чейин 15-25-жылга чейин25 жылдан жогору
2029151410

 

Методикалык иштин бирден-бир багыты болуп мугалимдердин  квалификациясын эффективдүү жогорулатуу болуп саналат. 2020-2021-окуу жылында мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасыныны Билим Берүү жана илим министирлигинин алдындагы педагогикалык кызматкерлерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан 18 мугалим  (Курманбекова К.Ж, Жансап к. С, Исмаилова Н.А, Окенова Ч.М, Сагынбаева Г.М, Ниязова М.Т, Жолдошбек к. Г, Мусабекова Б.Б, Кырмыкеева А.Э,  Сыдыков К.Б. Сатыбалдиева А.К ,  Наркозиева А.Т, Жакыпбекова М.Ж, Сагынбаева Г.М, Сагынбекова А.Ж,Маманазарова С.Б, Абдрахманова Г.К, Асаркулова Г.Б.) 5-6-класстарында чыккан жаңы  англис тили окуу  китептери менен таанышуу жана мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу иретинде “Лингва” окуу борборунан 2 мугалим (Кубанычбек к. К, Караталова А.)  5 мугалим Борбордук Азия Университетинен ( Окенова Ч, Исраилова Н, Жумабекова Ж, Караталова А,  Жолдошбек к Г) 1 мугалим GLOBE дүйнөлүк билим берүү жана илим программасынын негизинде (Акимбай кызы Н.) 5 мугалим (Наркозиева А.Т, Асаркулова Г. Б, Укеева Н.С, Сатыбалдиева Ч.М, Төлөнбаева Ч.Д. )  ЮНИСЕФ тарабынан уюштурулган “Кыздар илимде” долбоорунун негизинде,  жалпы 30 мугалим  өз билимин өркүндөтүп,  курстан өтүп келишти. Бул мугалимдер окуп келгендерин башка мугалимдерге  жайылтуу максатында жумалыктарда ачык сабактарды өтүштү.

Педагогикалык тажрыйбаны өнүктүрүү жана жайылтуунун эффективдүү формасы болуп, мугалимдер арасында өткөрүлгөн илимий-практикалык конференциялар, көргөзмөлөлөр, тегерек столдор, масстер-класстар жана ошондой эле семинарлар эсептелинет.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуу онлайн  форматта  башталды. Анда Бишкек шаарындагы мектептерден мугалимдер тандалып алынып, алар видео сабактарды даярдап, тартылышкан.Биздин мектептен да тарых мугалими Казакова Н.О. тартылды. Бул биздин мектеп үчү эң чоң жетишкендиктердин бири.

Окуу жылында райондук жана  шаардык семинарлар өтүлгөн жок. Мектеп ичинде мугалимдер арасында методикалык күндөр өтүлүп жатты.

Санариптештирүү жылына карата мектепке эектрондук күндөлүк киргизилген. Мектептин информатика мугалими Саданалиева М.С. мугалимдер үчүн күндөлүктү колдонуунун жолдору боюнча секциялар арасында  практикалык- семинар өттү.

Жаш мугалим Ишенова Сангүл “Электрондук платформаларды сабактарда пайдалануу” деген темада секцияларга практикалык семинар өткөрдү.

Электрондук платформаларды сабакта колдонуунун натыйжаларын арттыруу максатында “Санарип мугалим” аттуу бирдиктүү метод күн өткөрүлдү. Анда ар бир секциядагы техниканы мыкты өздөштүргөн мугалимдер өздөрүнүн тажрыйбаларын жайылтуу максатында ачык сабактарды өтүштү. Катышкан мугалимдер тарабынан бардык сабактар “эң жакшы” деп бааланды.

 

Мектептеги жаш мугалимдер боюнча маалымат:

Мектепте педагогикалык коллектив жылда жаңы мугалимдер менен толукталып турат. Быйылкы окуу жылында 11 мугалим  келди. Анын ичинен көпчүлүгү жаш мугалимдер. Тактап айтканда  8 мугалим окуу жайды бүтүп келип, быйылкы окуу жылында эмгек жолун ушул мектептен башташты. Мектепте бул окуу жылында жалпы стажы 3 жылга чейинки 20 жаш мугалим эмгектенди.

Жаш мугалимдердин жалпы саны:

Жалпы саны

 

1-жыл иштегендер2-жыл иштегендер3-жыл иштегендер
20

 

893

 

Жаш мугалимдерге жылдагыдай эле окуу жылынын башында тажрыйбалуу насаатчы мугалимдер  дайындалып, бир жыл бою иш жүргүзүштү. Айрым жаш мугалимдер кесиптик кыйынчылыкка дуушар болушуп, аларга мектеп администрациясы, УБ жетекчилери тарабынан кошумча жардам көрсөтүлдү. Жыл аягында жаш мугалимдер өз иштерин мыкты алып кетүүүгө да жетишишти.

Мектептин өнүгүү программасынын изилдөө этабын ишке ашыруу үчүн усулдук бирикмелердин отурумдарында , педагогикалык кеңешмеде  докладдар окулуп, мугалимдер өз иш-тажрыйбасынан бөлүшүп, ар бир доклад талкууланып турду.  Бул докладда изилдөө этабында жүргүзүлгөн иштердин оң жана терс жактары да каралды. Жаңы жыйынтыктоочу этабында эмнеге көңүл бурушубуз керектиги талкууланды.

Жыйынтыктоо этабында окулган докладдар:

  1. Абдиллазизова А. “1-класстын окуучуларынын мектепке калыптануусу жана  калыптануусуна тийгизген терс таасирлер”
  2. Кыдыбаева К.А. “Деңгээл боюнча иш баруунун жолдору”
  3. Кубанычбек к.К “Дээңгелдештирип иш алып баруунун натыйжалары жана кемчиликтери”
  4. Жолдошбек кызы Г. “Дифференцирленген окутуунун жыйынтыгы”
  5. Анарбай к. Ж. “Англис тилин окутуудагы дифференцирленген окутуунун жетишкендиктери”
  6. Сабырова Б.Э. “Физика сабагында дифференцирленген окутуунун ишмердүүлүгүн жайылтуу ”
  7. Эркинов А.Ч. “Окуучуларга дифференцирленген мамиле кылуу менен жаңы ыкмаларды колдонуп, билимин жогорулатуу”
  8. Сыдыгалиева М. М. “Демонстрация активности компетентных учеников в процессе обучения”
  9. Сатыбалдиева А.К. “Применение современных технологий обучения как способ повыщения качества образования на уроках русского языка и литературы”
  10. Табылдиева А. “Компетенттүү окуучулардын окуу процессиндеги активдүүлүгүн көрсөтүү”
  11. Урматова А.Д. “ Деңгээлдештирип окутууда окуучулардын чыгармачыл иштерин уюштуруу”

Чейрек сайын окуу программасынын аткарылышы, жазуу иштеринин лабораториялык, практикалык жана текшерүү иштеринин алынышы көзөмөлдөнүп турду. Ошондой эле план боюнча окуучулардын билим сапаты текшерилип мониторинг жүргүзүлүп турду. Мектептин эң негизги приоритетивдүү багыты болуп  окуучулардын билим сапатын жогорулатуу болуп эсептелинет. Изилдөө  этаптагы билим сапатка көңүл бөлсөк, төмөндөгүдөй жыйынтык болду:

Окуу жылы1-4-класстар 5-9-класстар 10-11-класстарЖалпы
билим

сапат

жетишүүбилим

сапат

жетишүүбилим

сапат

жетишүүбилим

сапат

жетишүү
2020-202137%100%32%100%43%100%35%100%

Ал эми чейрек боюнча алып карасак:

2020-2021-окуу жылы
б/сжет
I29%100%
II32%100%
III33%100%
IV36%100%
жылдык35%100%

 Ал эми предметтер боюнча 1-11-кл билим сапатынын жыйынтыгы төмөндөгүдөй көрсөткүчтөрдү көрсөттү:

Предметтердин аталышы2020-2021-окуу жылы
билим

сапат

жетишүү
Кыргыз тили59%100%
Кыргыз адабияты60%100%
Орус тил54%100%
Орус адабияты49 %100%
Математика (5-1142%99%
Англис тил (3-11)55%100%
Физика45%100%
Химия49%100%
Кыргызстандын жана дүйнөнүн  тарыхы64%100%
Информатика57%100%
География61%100%
Биология48%100%
Адам жана коом58%100%
Музыка96%100%
Көркөм өнөр91%100%
Табият таануу68%100%
Дене тарбия94%100%

 

 

Мектептин ресурстук базасы

№87 жалпы орто билим берүү мектебинде 2020-2021-окуу жылында 26000 окуу китеби, көркөм китеп 578, мугалимдер үчүн усулдук колдонмо 482, окуучулардын окуу китептери менен камсыз болушу 83, 30 %.

Акыркы жылдарда  мектептин материалдык техниканын базасын чыңдоо боюнча көп аракеттер жүрдү: Азыркы учурда мектепте:

Компьютер  Интерактивдүү

доска

Телевизор Ноутбук Панель
2813752

Мектеп окуучуларынын ар кандай конкурстарда жана предметтик олимпиадаларга катышуусунун анализи

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жөнүндө Жобонун (28.11.2018-ж ) негизинде 11-декабрда мектеп ичинде олимпиада өтүлдү

 Максаты:

  • Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү илимий – изилдөө ишмердүүлүктөргө кызыгуусун арттыруу;
  • Окутулуп жаткан предметке окуучулардын кызыгуусун арттырууөөн предметтик олимпиаданынжыйын;
  • Жогорку класстардын окуучуларына кесипке багыт берүү;
  • Окуучулардын предметтер боюнча жогорку жетишкендиктерин тастыктоо;
  • Райондук олимпиадага катышуу үчүн команда топтоо.

Олимпиадага  9-11-кл 125 окуучу катышып, 69 окуучу орунга ээ болушту.   1–2–3– орунду ээлеген окуучулар грамота менен сыйланышты. 10–11–класстардан 1-2-3-орунду ээлеген  27  окуучу    райондук олимпиадага  жөнөтүлдү.   3 окуучу байгелүү орунга ээ болушту.

№Окуучунун аты-жөнүПредмет Орун Жетектеген мугалим
1Талант уулу Нур 9-д класстарых3Казакова Н.О.
2Омурбекова Сезим 10-б класстарых2Маманазарова С.Б.
3Саатова Мадинахимия2Наркозиева А.Т.

 Илимий-практикалык конференциялар

Жаңы түптөлүп келе жаткан билим берүү мекемеси болгондуктан шаардык илимий –практикалык конференцияларга катышуу оорчулукту жаратып келген. Айрым окуучулар өз алдынча предметтик мугалимдердин жетекчилиги менен эл аралык конференцияларга катышып келишкен. 2018-2019- окуу жылында  окуучулардын проект боюнча иштөөлөрү колго алынып, Кыргыз Билим берүү академиясынын окутуучусу Элебесова А. проект боюнча иштөөгө кызыгуусу бар окуучуларга жана предметтик мугалимдерге семинар өткөрүп келди.  2019-2020- окуу жылында Бишкек шаарынын алдындагы билим берүү башкармалыгы жана Республикалык жаш инженердик-техникалык “Алтын түйүн” академиясы менен биргеликте уюштурулган шаардык изилдөө долбооруна 7 окуучу катышса, быйылкы окуу жылында 2 окуучу катышты.  Бул долбоордун негизги максаты билим сапатын көтөрүү жана окуучулардын долбоордук, изилдөөчүлүк, илимий-техникалык ойлоп табуучулук жөндөмүн өнүктүрүү, андан тышкары өлкөдөгү социалдык, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багыт берүү.

  1. 8-а классынын окуучусу Адылбеков Умар “Картошка кытырагы менен чипсинин адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасири ” жетектеген биология мугалими Сыдыкова Ж.З.
  2. 9-д классынын окуучусу Талант уулу Нур “Талкаланып тонолуп жаткан үлкөн кыргыз тарыхы же изи өчүп бара жаткан ата-бабам баскан жол ” жетектеген тарых мугалими  Казакова Н.О.

Тилекке каршы эки окуучу тең орунга ээ болгон жок.

  1. Мамлекетти тилдин 31 жылдыгына карата 6-11-класстын окуучулары “Китеп – билим булагы” аттуу шаардык кароо-сынакка катышты. Жыйынтыгында 6-класстын окуучусу Ибраимова Канышай 1-орун, 7-класстын окуучусу Жээнбеков Абзал 2-орун, 10-классынын окуучусу Омурбекова Сезим 1-орундарга ээ болушуп, баалуу белектер менен сыйланышса, жетектеген мугалимдер Турунтаева К.А, Сагынбаева Г.М, Кабылова Д.Т. Ысык-Көлгө 3 күндүк жолдомо алышып, эс алып келишти.
  2. Февраль айында эне тилдин Эл аралык күнүнө карата арналган Бишкек шаарынын райондор арасында өткөрүлгөн “Манас айтуу” кароо-сынакка мектептин 7-б классынын окуучусу Жээнбеков Абзал катышып, 1-орунга ээ болуп, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
  3. Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академия тарабынан Кыргызстан тарыхы боюнча 9-класстар арасында олимпиада өткөрүлгөн. Ага мектеп окуучулары катышып, Казипова Жылдыз, 2-орун, Рахманбердиева Мадина, Талант уулу Нур 3-орун, ал эми Турдиева Чолпонай, Омурбекова Сезим кызыктыруучу сыйлыкка ээ болушту. Даярдаган мугалим Казакова Н.О.
  4. Кыргыз Экономикалык Университети Экономика жумалыгына карата мектеп окуучулар арасында таймаш өткөрүлгөн. Ага   9-10-класстардын окуучуларынан “Прогресс” деген командасы түзүлүп, катышышып 1-орунга ээ болушту. Жетектеген мугалим Маманазарова С.Б.
  5. Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата 9-класстар арасында райондук “Сабаттуу бол” аттуу жат жазуу жазуу боюнча сынак болуп өттү. Анда 9-д классынын окуучусу Казипова Жылдыз катышып, бардык эрежелерге таянып туура жазгандыгы үчүн 1-орунга  ээ болду.

   ЖТР жыйынтыгы

Мектеп бүтүрүүчүлөрү, тактап айтканда 11-класстын окуучулары жылда жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн ЖРТ тапшырышып, өз билим деңгээлдерин аныкташат. Быйыл да май айынын аягында тапшырып келишип, жыйынтыгын угушуп, ар бир окуучу сертификатын колуна алышты. Эң жогорку 192  баллды 11-а классынын окуучусу Мадирайимова Айнази  алды.

жалпыкатыштыорточо балы110баллдан жогору алгандардын саныэн жогорку балл
555312433192

 

Окуучуларга сапаттуу билим берүүдө мыкты жабдылган окуу кабинетинин да маанилүү ролду ойнойт. Мектептеги 35 окуу кабинети профилине жараша тиешелүү окуу методикалык, дидактикалык  жана таркатма материалдар менен менен камсыздалып, паспорттоштурулган жана иш пландары түзүлгөн.

2020-2021-окуу жылында  өнүгүү программасында физика кабинети “Жүрөгүмдү балдарга арнаймын” деген аталыштагы  “Мыкты кабинет” номинациясы боюнча  конкурс катышмак, бирок физика кабинети болгондон кийин лабораториялык жабдуулар менен камсыз болбогонуна байланыштуу мектеп администрациясы, усулдук бирикме жетекчилери менен бирдикте макулдашып, тарых кабинети чыкмак. Кабинет жетекчиси, тарых мугалими, Маманазарова С.Б. тарых мугалимдери Казакова Н.Б, Сагынбекова А.Ж. менен биргеликте кабинетти конкурска даярдашкан. Тилекке каршы сентябрь айында өтүлүүчү кароо – сынак өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу токтотулуп, кийинки окуу жылына жылып калды.

Мектепте мугалимдердин чыгармачылыктарын өркүндөтүү жана окуучуларга сапаттуу билим берүү боюнча тийиштүү шарттар каралган. Мектептин жыл ичиндеги ишмердүүлүгүндө конкурстарга катышуу, билим сапатын стабилдүү өсүүсү, окуучулардын контингенти боюнча туруктуу абалдын сакталуусу, адистер менен толукталуусу, окуу планыны аткарылуусу талапка жооп берди. Мугалимдердин билим сапатка өзгөчө көңүл буруусу стабилдүү жөнгө салынып, мезгил-мезгили менен текшерүүлөр жүргүзүлдү. Окуучуларга сапаттуу билим берүүдө жаш өзгөчөлүгүнө жараша бекитилген окуу пландын негизинде психикалык-моралдык кысымга алынбаган жагдайда окутуу жүргүзүлөт. Толук кандуу акысыз окуу китептери менен камсыз болушуп, социалдык абалына жараша тиешелүү жеңилдиктерди алуу менен коопсуз шарттарда окутулду.

Короновирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу  окуу толук түрдө офлайн башталган жок. 6-7-8-10-класстар  окуу жылын толук түрдө  аралыктан окуу менен аякташты.  Анда телеберүүдөн календардык пландын негизинде видео сабактар тартылып, предметтик мугалимдер өтүлгөн сабактын негизинде ватсап, зуум, классрум ж.б платформалар  аркылуу, презентацияларды даярдашып көрсөтмөлүү сабак өтүү менен кайтарым байланыштарды жүргүзүшүп, теманы толук өздөштүрүүгө аракет кылышты. Көптөгөн кыйынчылыктар жаралуу менен аралыктан окутуу талаптагыдай жүргүзүлдү.

Жыйынтык: Мектептин өнүктүрүү планынын  жыйынтыкточу  этабында жүргүзүлгөн иштерге талдоо жүргүзгөндө мектептин ишмердүүлүгү толук кандуу жаңыланып, бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп,  окуучуларга билим-тарбия берүүдө бардык тийиштүү шарттар каралгандыгын аныктай алдык.

2016-2021-окуу жылдары мектептин өнүктүрүү программасында  пландаштырылган иш чаралардын бардыгын ишке ашырганга аракет кылынды

Сунуштар:

  • Мектептин тандап алган окуу-тарбиялык темасынын жыйынтыгын көрүү максатында билим сапатынынын мониторингин чыгарып, анализ жүргүзүү.
  • Билим берүүдө инновациялык өнүгүүлөрдү камсыз кылуу менен окуп, үйрөнгөндөрүнүн натыйжалуулугун арттыруу;
  • Мугалимдер арасында өз ара окутуунун ишке ашыруу, методикалык иштер аркылуу тажрыйба алмашуу.
  • Мектептин 2016-2021-жылына карата түзүлгөн өнүктүрүү планынын негизинде жүргүзүлгөн иштер “канааттандыраарлык” деп табылсын.
  • 2021-2025-окуу жылдарына карата түзүлгөн өнүктүрүү планы  2016-2021-окуу жылына карата түзүлгөн планы улантылып, иш жүргүзүлсүн.

 

 

 

 

Программанын аталышы:  №87 жалпы билим берүү орто мектебинин                              2016-жылдан 2021-жылга чейинки өнүгүү программасы

Тема:  “ Ак кандай деңгээлдеги окуучуларга дифференцирленген мамиле   кылуу менен билим сапатын жогорулатуу”

Программанын максаты: Ар кандай денгээлдеги  окуучулар менен иштөө, сабак учурунда деңгээл боюнча тапшырмаларды берүү менен ар бир окуучунун бардык предметтерге кызыктыруунун жолдорун таба билүү жана алардын жыйынтыгын чыгаруу

2019-2020-жылы окуу жылдарында программанын изилдөө  этабы ишке ашырылды. Тактап айтканда деңгээлдештирип окутуу боюнча билим сапатынын мониторинги чыгарылып, окуучулардын чыгармачылык иштери уюштурулуп жыйынтыкталды.

Программанын милдетти:  Ар түрдүү деңгээлдеги окуучуларга   дифференцирленген мамиле кылуу менен ар тараптан өнүккөн  чыгармачыл изденген, өз Ата Мекенин сүйгөн, аны коргой билген, патриоттук духта  тарбияланган толеранттуу, компетенттүү  инсанды тарбиялоо

Белгиленген максатты ишке ашырууда төмөнкү маселелердин үстүндө иш жүргүзүлдү:

Программаны ишке ашыруудагы милдеттерКүтүлүүчү жыйынтык
Ата-энелердин жана окуучулардын оюн ар дайым изилдөөгө алууну системалаштыруу Ата-эне жана мектеп ортосундагы карым-    катыш  тыгыз болуп, ата-энелер жана окуучулардын талабына мектеп жооп берет.
Окуу-тарбия процессинде мектепте түзүлгөн жагдайлардын деңгээлин изилдеп чыгууМектептин кадыр-баркынын өсүшү жана коомчулук тарабынан колдоого алынуусу жогорулайт.
Мектеп ичинде чыгармачыл иштеген мугалимдердин конкурстарын уюштурууПедагогикалык ишмердүүлүк процессинде кесиптик чеберчилик  жогорулайт.
Окуучулардын изилдөө эмгектерди коргоону  шаардык “Жылдын мыкты кабинети” уюштурууИзилдөө иштери боюнча райондук жана шаардык конкурстардын жеңүүчүлөрү көбөйөт.
Кабинеттерди конкурсуна алып чыгууОкуу процессинин маалымат жактан камсыздоонун эффективдүү системасы түзүлүшү
Чыгармачыл изденүү менен эмгектенген жаш мугалимдердин иш тажрыйбасын мектеп ичинде жайылтууЖаш мугалимдердин толеранттуулугу, компетентүүлүгү жогорулайт.
Сабактардын  план конспектилеринин электрондук вариантта түзүү, топтооПедагогдордун электрондук вариантта сабактардын иштелмелеринин картотекасы уюштурулат.
Окуучулардын ден соолугунун чың болушу үчүн кабинеттерди, мектептерди жашылдандырууОоруган окуучулар төмөндөйт, өздүк     гигиенаны сактай билишет.

Жогорудагы программаны  ишке ашырууда мектептин методикалык темасынын негизинде билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу үчүн окуучулардын окуу программаларын өздөштүрүү деңгээлине жараша педагогдор дифференцирленген мамиле кылуунун үстүндө иш алып барып жатканын байкоого болот. Окуу жылында билим сапатын аныктоо максатында, старттык, аралык жана жыйынтыктоочу жазуу иштери алынып, жыйынтыктары өз учурунда чыгарылып турду. Билим сапатынын жылдан-жылга стабилдүү өсүшү окутууда түрдүү формадагы инновациялык ыкмаларды пайдалануу  менен ар бир окуучуга дифференцирленген мамиле кылуу аркылуу түшүндүрүлөт.

2019-2020-окуу жылынын башында окуучулардын саны-2218 окуучуну түздү.  Анын ичинен  1-4-класстар-1075,  5-9-класстар-1034,  10-11-класстар 109 окуучуну түздү. Балдар 1106,  кыздар  1112.

Жалпы 63 класс-комплект түзүлдү.

1-4-класста — 29 класс-комплект, 5-9-класста 30  класс-комплект, 10-11-класста 4 класс-комплект. Ал эми жыл аягында  1-4-класстарда 1075,  5-9-класстарда 1014, 10-11-класстарда 104 окуучу, Жалпы 2190 окуучу  аяктады

Мектептин педагогикалык жамааты:

Кызматкерлердин саныЖогорку билимдүүБүтпөгөн жогоруАтайын ортоББИМ

“Ардак грамотасы”

Эл агартуунун мыктысы
887411445

 

Педагогикалык стажы боюнча

3 жылга чейин4-10 жылга чейин11-15-жылга чейин 15-25-жылга чейин25 жылдан жогору
312014139

 

Методикалык иштин бирден-бир багыты болуп мугалимдердин квалификациясын  эффективдүү жогорулатуу болуп саналат. Педагогикалык кызматкерлердин сапаттуу билим берүүсүнө жана аткарылган иштердин максаттуулугуна жетүүдө, чыгармачылыктарын жогорулатууда, инновациялык табылгаларга ээ болууга  жана  өз билимин өркүндөтүү кошумча билим алуу талап кылынат. Ар бир окуу жылында мугалимдер  педагогикалык квалификациясын жогорулатуу графигинин негизинде курстардан өтүп турушат.  2019-2020-окуу жылында мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү  боюнча  Кыргыз Республикасыныны Билим Берүү жана илим министирлигинин алдынагы педагогикалык кызматкерлерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан 11 мугалим  (Исраилова Н.К, Салимиова А. Ы, Айдарова Ж.Ө. Убайдылдаева Н.А, Достиева Ж.А, Жумабекова Ж.С, Табылдиева А.Н, Тагайбек к.Ф, Турунтаева К.А, Турсунова Д.Т. Сабырова Б.Э.) , 5-6-класстарында чыккан жаңы  англис тили окуу  китептери менен таанышуу жана мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу иретинде “Лингва” окуу борборунан 2 мугалим, жалпы 13 мугалим  өз билимин өркүндөтүп, курстан өтүп келишти. Бул мугалимдер окуп келгендерин башка мугалимдерге  жайылтуу максатында декадаларда  ачык сабактарды өтүштү.

Педагогикалык тажрыйбаны өнүктүрүү жана жайылтуунун  дагы бир формасы   болуп, мугалимдер арасында өткөрүлгөн илимий – практикалык конференциялар тегерек столдор, мастер-класстар жана ошондой эле семинарлар эсептелинет. Акыркы окуу жылында да мектепте бир топ семинарлар болуп, тажрыйба алмашуулар жүргүзүлдү.  Январь айында география предметинин шаардык семинара болуп өттү. Семинардын темасы “География сабагын окутууда практикалык иштерди уюштуруунун жолдору”. Семинарга шаардын мектептеринен жаш мугалимдер келип катышышты. Анда практикалык сабактарды уюштуруунун жолдору. Кахут жана Пликерс программалары менен кантип иш алып баруу керектиги көрсөтүлдү.Семинардын катышуучулары тарабынан шаардык семинардын жүрүшү “ эң жакшы” деп бааланды.

Мектептин педагогикалык чеберчилиги

Райондук жана шаардык деңгээлде жыл сайын мугалимдер арасында кароо-сынактар өткөрүлүп турат. Ошондой кароо-сынактын бири “Жүрөгүмдү балдарга арнаймын”.  Бул кароо-сынактын активдүү катышуучусубуз. Жылда бул сынакка катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп келебиз. Эң алгач мектеп ичинде өткөрүп, ага ар бир усулдук бирикмеден бирден мугалим катышып, өзүнүн чыгармачылык деңгээлин көрсөтө алышты. 7 мугалимдин ичинен так илимдер усулдук бирикмесинен чыккан физика мугалими Салимова А.Ы. өзүнүн ишинин мыкты билгендиги, изденүүсү менен башкалардан айрымаланып, эң жогорку балл топтоо менен алдыга озуп чыгып, райондук деңгээлде өткөрүлгөн сынакка жолдомо алды. Апрель айында өткөрүлө турган  “Жүрөгүмдү балдарга арнаймын” кароо сынагында “Мыкты мугалим” номинациясы боюнча ат салышмак, бирок  COVID 19  катуу жайылгандыктан карантин жарыяланып, кароо-сынак кийинки окуу жылына жылдырылды. Айнура Ыманкуловна  өзү жаш болсо да, өз предметин мыкты билген, өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган, дайыма изденүүнүн үстүндө жүрүп, ар бир сабагын кызыгуу менен өткөн мугалим десем жаңылышпайм. Кийинки окуу жылында кароо-сынакка катышып, мектептин намысын коргойт деген ишенимдебиз.

Мектеп ичинде билим берүүнүн сапатын жогорулатууда ар түрдүү деңгээлдеги окуучулар менен иштөөдө мугалимдердин эң мыкты иш тажрыйбаларын  газета, журналдарга сунуштап келебиз. Өткөн окуу жылында да физика  мугалим Салимова Айнуранын   физика  сабагынан  “Диффузия кубулушу ”  деген темада сабактын иштелмеси   “Кут билим”  газетасына 2020-жылдын январ айындагы    чыккан санына,  “Мугалим”  журналынын  №31-32 сандарына    “Нерселердин электирлениши жөнүндөгү тарыхый маалыматтар. Электр заряды” деген темасы жарыяланган.

 

Мектептеги жаш мугалимдер боюнча маалымат:

Ар бир окуу жылында мектепте педагогикалык коллектив жаңы мугалимдер менен толукталып турат. Алардын көпчүлүгү окуу жайды жаңы бүткөн жаш мугалимдер. Жаш мугалимдерди тарбиялап, мектепке алып калуу үчүн болгон аракеттерибизди жумшайбыз. Окуу жылынын башында жаш мугалимдерге насаатчы мугалимдер бекитилип берилип, алар жаш мугалимдер менен иштөөнүн жылдык планын түзүшүп, түзүлгөн пландын негизинде бир жыл бою иш алып барышат. Жаш мугалимдерге насаатчыларынан тышкары методист, Уб жетекчилери сабактын тиби, формасы, үй тапшырманын көлөмү, сабактын структурасы, окутуунун технологиялары, сабактын анализи, өзүнө-өзү анализ берүү боюнча окууларды өтүшөт.

Жаш мугалимдердин жалпы саны:

Жалпы саны

 

1-жыл иштегендер2-жыл иштегендер3-жыл иштегендер
22

 

1462

 

Мектептин өнүгүү программасынын изилдөө этабын ишке ашыруу үчүн усулдук бирикмелердин отурумдарында , педагогикалык кеңешмеде  докладдар окулуп, мугалимдер өз иш-тажрыйбасынан бөлүшүп, ар бир доклад талкууланып турду.  Бул докладда практикалык этабында жүргүзүлгөн иштердин оң жана терс жактары да каралды. Жаңы изилдөө этабында эмнеге көңүл бурушубуз керектиги талкууланды.

Изилдөө этабында окулган докладдар:

  1. Кабылова Д.Т. “Кыргыз тилин  окутуудагы активдүү методдор”
  2. Наркозиева А.Т. “Химия сабагын окутууда дифференцирленген ыкманы колдонуу”
  3. Урматова А.Д. “Дифференцирленген окутуу”
  4. Доолотова Н.Б. “Англис тилин окутууда ар кандай деңгээлдеги окуучуларга дифференцирленген мамиле кылуу”
  5. Жумабекова Ж.С. “Сапаттуу билим берүүдө аркандай деңгээлдеги окуучуларга дифференцирленген мамиле кылуу”
  6. Кабылова Д.Т. “Кыргыз тилин дифференцирлеп окутууда окуучулардын өзүн-өзү баалосун уюштуруу”
  7. Сыдыков К.Б. “Дифференцированный подход к  обучениюна уроках русского языка”
  8. Шайдуллаева Г.Ө. “Математика сабагын окутууда окуучулардын өз алдынча иштөөсүн жөнгө салуу”
  9. Абдилазизова А.Н. “Башталгыч класстарда ата-энелер менен иштөөнүн жекече жолдору”
  10. Төлөнбаева Ч.Д. “Деңгээлдештирип окутуу боюнча окуучулардын билим алуу технологиялары жана компетенттүүлүктөрү”

Чейрек сайын окуу программасынын аткарылышы, жазуу иштеринин лабораториялык, практикалык жана текшерүү иштеринин алынышы көзөмөлдөнүп турду. Ошондой эле план боюнча окуучулардын билим сапаты текшерилип мониторинг жүргүзүлүп турду. Мектептин эң негизги приоритетивдүү багыты болуп  окуучулардын билим сапатын жогорулатуу болуп эсептелинет. Изилдөө  этаптагы билим сапатка көңүл бөлсөк, төмөндөгүдөй жыйынтык болду:

 

Окуу жылы1-4-класстар 5-9-класстар 10-11-класстарЖалпы
билим

сапат

жетишүүбилим

сапат

жетишүүбилим

сапат

жетишүүбилим

сапат

жетишүү
2019-2020-37%100%33%100%40%100%37%99%

 Ал эми чейрек боюнча алып карасак:

2019-2020-окуу жылы
б/сжет
I28%99%
II32%99%
III36%99%
IV37%100%
жылдык37%100%

 Ал эми предметтер боюнча 1-11-кл билим сапатынын жыйынтыгы төмөндөгүдөй көрсөткүчтөрдү көрсөттү:

Предметтердин аталышы2019-2020-окуу жылы
билим

сапат

жетишүү
Кыргыз тили63%100%
Кыргыз адабияты64%100%
Орус тил58%100%
Орус адабияты50 %100%
Математика (5-6)41%99%
Алгебра (7-11)43%100%
Геметрия (7-11)46%100%
Англис тил (3-11)60%100%
Физика50%100%
Химия43%100%
Кыргызстан тарых66%100%
Дүйнө тарых63%100%
Информатика54%100%
География58%100%
Биология52%100%
Адам жана коом55%100%
Музыка96%100%
Көркөм өнөр89%100%
Табият таануу60%100%
Дене тарбия91%100%

 Мектептин ресурстук базасы

     №87 жалпы орто билим берүү мектебинде 2019-2020-окуу жылында 26061 окуу китеби, көркөм китеп 578, мугалимдер үчүн усулдук колдонмо 482, окуучулардын окуу китептери менен камсыз болушу 82 %.

Акыркы жылдарда  мектептин материалдык техниканын базасын чыңдоо боюнча көп аракеттер жүрдү: Азыркы учурда мектепте:

компьютерИнтерактивдүү

доска

телевизорноутбукпанель
2813751

Мектеп окуучуларынын ар кандай конкурстарда жана предметтик олимпиадаларга катышуусунун анализи

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жөнүндө Жобонун (28.11.2018-ж ) негизинде 23-ноябрда мектеп ичинде олимпиада өтүлдү

 Максаты:

  • Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү илимий – изилдөө ишмердүүлүктөргө кызыгуусун арттыруу
  • Окутулуп жаткан предметке окуучулардын кызыгуусун арттырууөөн предметтик олимпиаданынжыйын
  • Жогорку класстардын окуучуларына кесипке багыт берүү
  • Окуучулардын предметтер боюнча жогорку жетишкендиктерин тастыктоо.
  • Райондук олимпиадага катышуу үчүн команда топтоо

Олимпиадага  8-11-кл 259 окуучу катышып, 73 окуучу орунга ээ болушту.   1–2–3– орунду ээлеген окуучулар грамота менен сыйланышты. 10–11–класстардан 1-2-3-орунду ээлеген  30  окуучу    райондук олимпиадага  жөнөтүлдү.   Пандемияга байланыштуу  статустук мектептер менен жалпы билим берүүчү мектептердин жыйынтыгын бөлүп каралган жок.

Илимий-практикалык конференциялар

Жаңы түптөлүп келе жаткан билим берүү мекемеси болгондуктан шаардык илимий –практикалык конференцияларга катышуу оорчулукту жаратып келген. Айрым окуучулар өз алдынча предметтик мугалимдердин жетекчилиги менен эл аралык конференцияларга катышып келишкен. Былтыркы окуу жылында  окуучулардын проект боюнча иштөөлөрү колго алынып, Кыргыз Билим берүү академиясынын окутуучусу Элебесова А. проект боюнча иштөөгө кызыгуусу бар окуучуларга жана предметтик мугалимдерге семинар өткөрүп келди.  2019-2020- окуу жылында Бишкек шаарынын алдындагы билим берүү башкармалыгы жана Республикалык жаш инженердик-техникалык “Алтын түйүн” академиясы менен биргеликте уюштурулган шаардык изилдөө долбооруна 3 окуучу катышса, быйылкы окуу жылында 7 окуучу катыша алды.  Бул долбоордун негизги максаты билим сапатын көтөрүү жана окуучулардын долбоордук, изилдөөчүлүк, илимий-техникалык ойлоп табуучулук жөндөмүн өнүктүрүү, андан тышкары өлкөдөгү социалдык, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багыт берүү.

  1. 10-а классынын окуучусу Жыргалбеков Т. “Талкаланып тонолуп жаткан үлкөн кыргыз тарыхы (Изи өчүп бара жаткан ата-бабам баскан жол) ” жетектеген мугалими Казакова Н.О.
  2. 10-а классынын окуучусу Кошбаев Назар “Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги англис тилинин ролу” жетектеген англис тили жана мугалими  Жумабекова Ж.С.
  3. 8-д классынын окуучусу Талант уулу Нур  “Калпак кыргыз погону” жетектеген физика мугалими Салимова А.Ы.
  4. 9-е классынын окуучусу Талантбек кызы Элзина “Детство, опаленное войной” жетектеген мугалим –Тентиева А.К.
  5. 6-а классынын окуучусу Ибраимова Канышай Шамуратовна “История одного слова – «Победа» жетектеген мугалим –Тентиева А.К.
  6. 11-а классынын окуучусу Маматов Бактыбек “Первый бросок победы” жетектеген мугалим- Наркозиева А.Т.
  7. 9-б классынын окуучулары Өмүрбекова С. Кубанычбекова Бегимиай “Согуш мезгили кыргыз адабий чыгармаларында” жетектеген мугалим –Сагынбаева Г.М.

Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу  11-класстардын жыйынтыгы чыгарылып, калган класстар кийинки окуу жылына калтырылды. 11-класстар боюнча Маматов Б. 1-орунга ээ болду.

  

21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы тарабыныан уюштурулган “Тил-достуктун ачкычы” деген алышта изилдөө долбоорунун кароо-сынагы  уюштурулган. Изилдөө долбооруна “Корей элинин тили жана маданияты” деген тема менен 10-а классынын окуучусу Мадирайимова А.Ж. 10-б классыныны окуучусу Аскар кызы Медина катышып келишти.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин статусун көтөрүү, Кыргыз Республикасында жашаган улуттардын ынтымагын арттыруу жана ар улуттун эне тилин даңазалоо, ар улуттун тарыхы, адабияты, маданиятынын улуулугун чагылдыруу, элдин үрп-адат, каада-салттары аркылуу ыймандуулукка, патриоттуулукка, улуттардын биримдүүлүгүнө чакыруу, изилдөө иштерине кызыккан, жөндөмдүү, чыгармачыл окуучуларды табуу долбоордун негизи максаты болуп саналат.

ЖТР жыйынтыгы

жалпыкатыштыорточо балы110баллдан жогору алгандардын саныэн жогорку балл
474712433193

   Окуучуларга сапаттуу билим берүүдө мыкты жабдылган окуу кабинетинин да маанилүү ролду ойнойт. Мектептеги 35 окуу кабинети профилине жараша тиешелүү окуу методикалык, дидактикалык  жана таркатма материалдар менен менен камсыздалып, паспорттоштурулган жана иш пландары түзүлгөн.

2019-2020-окуу жылында  өнүгүү программасында география кабинети “Жүрөгүмдү балдарга арнаймын” деген аталыштагы  “Мыкты кабинет” номинациясы боюнча  конкурс катышмак, бирок мектеп окутууга ылайыкталган бардык жабдуулар менен камсыз болгонуна байланыштуу мектеп администрациясы, усулдук бирикме жетекчилери менен бирдикте макулдашып  “Мыкты инновациялык жалпы билим берүүчү орто мектеп” номинациясы боюнча катышып,  2-орунга ээ болуп интерактивдүү панель -43 менен сыйландык. Бул биздин мектептин жамааты үчүн эң чоң сыймык болду.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окутуу дистанттык түрдө өткөрүлдү. Анда Бишкек шаарындагы мектептерден мугалимдер тандалып алынып, алар видео сабактарды даярдап, тартылышкан.Биздин мектептен да тарых мугалими Казакова Н.О. жана башталгыч класстардын мугалими Сариева Ж.Т. тартылышты, ал эми информатика мугалими Саданалиева М.С. сабактардын жүгүртмөсүн түзүүгө  катышкан.

Короновирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу апрель, март айларында окутуу дистанттык түрдө өткөрүлдү. Анда телеберүүдөн календардык пландын негизинде видео сабактар тартылып, предметтик мугалимдер өтүлгөн сабактын негизинде ватсап, зуум, классрум ж.б платформалар  аркылуу,презентацияларды даярдашып көрсөтмөлүү сабак өтүү менен кайтарым байланыштарды жүргүзүшүп, теманы толук өздөштүрүүгө аракет кылышты. Көптөгөн кыйынчылыктар жаралуу менен аралыктан окутуу талаптагыдай жүргүзүлдү.  Кандай гана ишти жыйынтыктаганда анын оң жана терс жактары көз алдыңа тартылат экен.

Аралыктан окутуунун оң жактары:

  1. Кыска аралыктын ичинде мугалимдер жана окуучулар заманбап техниканын тийиштүү жактарын терең өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
  2. Мугалимдер изденүүнү натыйжасында билим берүүнүн интернет программаларын өздөштүрүштү.
  3. Кайтарым байланышка чыгуунун көп жолдорун чыгармачылык менен изилдеп чыгышып, аны ар кандай формада уюштурушту.
  4. Жат жазуу, дилбаян, текшерүү иштердин аудио, видео сыяктуу көптөгөн түрлөрүн иштеп чыгышты.
  5. Мугалимдердин арасында өз ара атаандашуу пайда болуу менен ар кандай программаларды колдонуу менен эң жакшы сабактарды даярдап жатышты.
  6. Ата-эне балдарынын билим деңгээлин жакындан билип, билим берүү оңой иш эмес экенин түшүнүштү.
  7. Сабакта пассивдүү катышкан окуучулар аралыктан окутууда өздөрүнү активдүүлүгүн көрсөтө алышты.

 

Аралыктан окутуунун терс жактары:

  1. Мугалимдин изденүү менен сабакка даярдануусуна адаттагыдан көп убакыт талап кылынды.
  2. Окуучулардын кээ бирлери оңой жол менен жакшы баа алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
  3. Мугалимдердин ден соолугуна (өзгөчө көрүү органдарына) абдан күч келди.
  4. Айрым үй бүлөлөрдө ата-эне менен баланын ортосунда конфликт пайда болду.
  5. Айрым үй бүлөлөрдө техника каражаттарынын же интернет булактарынын жетишсиздигинен окуучулар кайтарым байланышка чыгуу мүмүнчүлүгү болбой жатты (бир класстан бирден , экиден окуучулар гана).
  6. Сабакты жакшы өздөштүргөн окуучулардын көпчүлүгү кош көңүл гана мамиле кылышты.

Жыйынтык: Мектептин өнүктүрүү планынын  изилдөө этабында жүргүзүлгөн иштерге талдоо жүргүзгөндө мектептин ишмердүүлүгү толук кандуу жаңыланып, бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп,  окуучуларга билим-тарбия берүүдө бардык тийиштүү шарттар каралгандыгын аныктай алдык.

2019-2020-окуу жылдары мектептин өнүктүрүү программасынын  практикалык этабында пландаштырылган иш чаралардын бардыгы ишке ашты.

Сунуштар:

  • Мектептин тандап алган окуу-тарбиялык темасынын изилдөө этабынын жыйынтыгын көрүү максатында билим сапатынынын мониторингин чыгаруу;
  • Педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу максатында мугалимдер арасында өтүлүүчү ар кандай кароо-сынактарга катышуу;
  • Сабактан тышкаркы убакта предметтик мугалимдер окуучулар менен бирдикте илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, райондук, шаардык деңгээлдеги изилдөө долбоорлоруна катышуу, жыйынтыгын көрүү
  • Билим берүүдө инновациялык өнүгүүлөрдү камсыз кылуу менен окуп, үйрөнгөндөрүнүн натыйжалуулугун арттыруу;
  • Мугалимдер арасында өз ара окутуунун ишке ашыруу, методикалык иштер аркылуу тажрыйба алмашуу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

    • Админ-панель
    • Образование за рубежом

    (0312) 67-45-50

    г. Бишкек

    © 2023 – Средняя общеобразовательная школа №87 Сайт разработан и поддерживается EDUGATE