Саданалиева Махабат Сатыбалдиевна

Урматтуу окуучулар

Силер менен 8.04.2020-жылдан баштап Информатика сабагын аралыктан окууга ѳтѳбүз. Ар бир сабак ѳзүӊѳр окуган класста, предметтин этегинде сабактын ссылкалары тиркелген . Биринчи ссылка боюнча сабакты окуп чыгып, кошумча маалыматты ушул барактан алгыла.
Тапшырманын жыйынтыктарын 2-группанын балдары 0772 118774 вотсап номерине ѳзүӊѳрдүн фамилия, атыӊарды жазып жѳнѳткүлѳ.   Эскертүү: ар бир окуучу эсепке алынып, тапшырмалары бааланат. Тапшырмадан сырткаркы сүрѳттѳрдү, видеомаалыматтарды жиберүүгѳ тыюу салынат.

9-класс

8-10.04.2020. ѳтүлѳ турган тема “Модель түшүнүгү”. Алгач сабакты  YouTube каналынан  же  87.edubish.kg  сайтынан  https://youtu.be/I3rUv6s3pDE  ссылкасы алкыруу кѳрүп чыккыла.  Сабакты кѳрүп чыккан соӊ окуу китебиӊердин 1-бѳлүм  §1     232-235-бетке чейин окугула.  Видеосабакта үйгѳ тапшырма ѳзүӊѳр окуган мектептин макетин жасагыла деп берилди.

Үй тапшырманын шарты:

1.Мектептин макетин кагаз картондон же пластилинден жасагыла.

2.Жасаган макетиӊердин чиймесин кагазга түшүргүлѳ.

Силер жасаган  мектептин макети- материалдык модель, ал эми макеттин чиймеси-  маалыматтык модель болот.

  1. Видеосабактагы кроссвордду информатика дептериӊерге түшүргүлѳ.
  2. Тапшырманын жыйынтыгын 2-группанын балдары 0772 118774 вотсап номерине ѳзүнѳрдүн фамилия, атыӊарды жазып жѳнѳткүлѳ.

 

8-класс

8.04.2020. ѳтүлѳ турган тема “Компьютердик байланыштар. Компьютердик тармактар”. Алгач сабакты  YouTube каналынан  же  87.edubish.kg  сайтынан   https://youtu.be/Qg97FCm3k1A ссылкасы алкыруу кѳрүп чыккыла.  Сабакты кѳрүп чыккан соӊ окуу китебиӊердин 7-бѳлүм  §1     293-295-бетке чейин окуп, видеосабакта берилген үйгѳ тапшырманы 0772 118774 номерине жѳнѳткүлѳ.

7-класс

13.04.2020. ѳтүлѳ турган тема “Компьютердик вирустар. Антивирустук программалар”. Алгач сабакты  YouTube каналынан  же  87.edubish.kg  сайтынан  https://youtu.be/6ZW9UghOj-Y  ссылкасы алкыруу кѳрүп чыккыла.  Сабакты кѳрүп чыккан соӊ окуу китебиӊердин  7-болум 2018-бетти  оку чыккыла, видеосабакта берилген үйгѳ тапшырманы 0772 118774 номерине жѳнѳткүлѳ.

Компьютердик вирустар 7- класс

 

 

Саданалиева Махабат Сатыбалдиевана эмгек жолун 2008-жылы Бишкек шаарындагы №87 орто мектебинде информатика мугалим болуп баштаган.  2016-2017-окуу жылында «Журогумду балдарга арнаймын» кароо сынагына катышып «Мыкты окуу кабинети»  номинациясы боюнча шаар ичинде  биринчи орунга ээ болуп, интерактивдуу система жана ноутбук менен сыйланган. 2015-2016-окуу жылынан тартып «Автоматтык каттоо жана катышуунун анализин чыгаруу»  жабдыктары менен ийгиликтуу иш алып барып, 2018-2019- окуу жылында август кенешмесинде директорлордун орун басарларына «Автоматтык каттоо жана катышуунун анализин»  чыгаруудагы ийгиликтер туурасында  доклад окуду. Ошондой эле «ИСУО» окуучулардын маалымат базасына киргизуу  жана мектептин оздук сайтынын толтурулушуна жоопкер болуп саналат. 2018-2019-окуу жылында  Автоматтык каттоо жана катышуунун анализин чыгаруу жабдыктарынын педагогикалык кызматкерлер учун пайдасы  туурасында   мектеп жетекчилери учун   видеопрезентация  даярдады.   2019-2020-окуу жылынын башы менен  Кыргыз Телерадио Коррпорациясынын «Олко багыты»  теле беруусундо мектептин ишмердуулугу туурасында интервью берди. 2017-2018-окуу жылында Чынгыз Айтматовдун  90 жылдыгына карата Республикалык масштабдагы  «Чыңгыз Айтматов -Гражданин Земного Шара» конкурсунда мыкты видео ролик жасагандыгы үчүн Билим берүү министрлигинин грамотасы менен сыйланган. 2018-2019-окуу жыланан тартып «Электрондук каттоо» боюнча жоопкер болуп саналат.

Сыйлыктары

Саданалиева Махабат Сатыбалдиевна Саданалиева Махабат Сатыбалдиевна Саданалиева Махабат Сатыбалдиевна