Билим берүү жана илим министринин келиши педагогдор үчүн жагымдуу болду
2022-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев келип, педагогикалык жамаат менен жакындан таанышты. Окутуунун жүрүшүндө кездешкен кыйынчылыктар, окуу китептеринин мазмундук мааниси жана жалпы окуучуларга жеткиликтүүлүгү, 12 жылдык билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү туурасында пикир алмашып, 6 жаштан кабыл алынган жеткинчектерге билим берүү жеңилдетилген формада түзүлүп, сабактын структурасына оюндар, көнүгүүлөр көбүрөөк камтылаарына кененирээк токтолду. Мектептеги уюштуруу иштери менен таанышып, айрым сабактардын өтүлүүсү жана окуучулардын кызыгууларына назар салды. Министрдин күтүүсүз келиши, мугалимдер менен жакындан таанышып, көйгөйлүү маселелерди уга билүүсү жана билим берүүнүн келечеги туурасындагы пландары менен бөлүшүүсү жамаат үчүн жагымдуу болду. Мугалимдер үчүн түзүлүп жаткан шарттар жана иш кагаздарды алып баруу тартиби мурдагы жылдарга салыштырмалуу жеңилдетилгендигин кабарлап, кубандырды.
Комментарии