№87 жалпы орто билим берүү мектеби Свердлов району, Келечек конушу

Ата-энелер үчүн маалымат

Коронавирус деген эмне?

Коронавирус — өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Анда камтылган вирустар кеңири жайылган сасык тумоодон тарта оор-курч респиратордук синдромго (ТОРС, “типсиз пневмония”) жана ичеги-карындын оорушуна алып келет.

Пекинде маска кийип жүргөн аял. Архивдик сүрөт

Коронавирустар — өзүнө бир чынжырлуу РНК (рибонуклеин кислотасы) молекуласын камтыган тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен коронавирус деп аталат.

Клеткага кирген вирус анын цитоплазмасында көбөйөт. Алар иммунитетти алсыратып, инфекция менен күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бирок курч респиратордук инфекция (КРВИ) же сасык тумоо сыяктуу бир жумада айыкпайт. Коронавируста типсиз пневмония менен оор-курч респиратордук синдромдун формасы коштогондуктан бейтаптар өлүмгө чейин дуушар болот. Себеби дарт дем алууну кескин кыйындатат.

Коронавирус менен ооруган алгачкы адам 1965-жылы каттоого алынган. XX кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок өтө кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштаган.

Жаңы типтеги 2019-nCoV коронавирусу

Учурда актуалдуу болуп жаткан вирус дал ушул. Ал узаган жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тарады. Бейтаптардын көбү деңиз азыктарын саткан базарда иштеген. 5-январда ооругандардын саны 60ка жетип, алардын жетисинин абалы оор болгон. Ал эми 9-январь күнү гана кытайлык адистер оорунун козгогучун нуклеин кислотасы аркылуу аныктап, ал коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин аныкташты.

Вирус эмнеден чыкты?

Учурда кытай окумуштуулары жаңы коронавирус жыландар аркылуу тараганын болжолдоп жатышат. Алар вирустун структурасын реконструкциялап көрүшкөн. Натыйжада анын генетикалык структурасы Кытайдын түштүгүн байырлаган түрдүү түстөгү, тарам-тарам болгон крайт жана кытай кобраларына жакын экени аныкталган.

Илдеттин белгиси

Мурдун жаап бараткан киши. Архивдик сүрөт

Ухань шаарынын саламаттык сактоо комитети коронавирустун жаңы түрү алгачкы этабында дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл менен коштолору, узак убакытка жеңил абалда болорун билдирген. Оору улгайган адамдар арасында жана башка өнөкөт илдети бар адамдар арасында дароо оор формасына өтүп кетиши мүмкүндүгүн эскертишкен.

Ал арада Россиянын “Вектор” илимий борборунун кызматкерлери коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы түрүн лаборатория шартында диагноздоо үчүн каражатты жети күндүн ичинде иштеп чыгышкан.

Адамдан адамга жугат

Кытайлык адистер коронавирустун жаңы тиби аба аркылуу адамдан адамга жугарынаныкташкан. Оорулуу адамдарды сураштыра келгенде алардын үй-бүлөсү вирустун очогу болгон Ухань шаарына барып келишкенин айтып беришкен. Ошондой эле бейтаптар менен иштешкен дарыгерлер да ооруга чалдыккан. Мындан улам адистер вирус жугуштуу деген бүтүмгө келишкен.

 ÐšÐ°Ñ€Ñ‚инки по запросу жол коопсуздугу Балдардын өмүрү баарынан кымбат.

     Жаңы окуу жылынын башталышы менен жол коопсуздугунун көзөмөлүн камсыз кылуу башкармалыгы ыктыярчылар менен бирге жол жээгинде туруп мектеп окуучуларын жана айдоочуларды жол эрежесинин тартибин сактоого чакырууда. Окуучулардын коопсуздугун алдын алуу жаатында ата-энелерди өз балдарынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырабыз.

 

 ÐŸÐ¾Ñ…ожее изображение