№87 жалпы орто билим берүү мектеби Свердлов району, Келечек конушу

Коомдук угуулар

Похожее изображение

Бюджеттик уктуруу 2019-2020-окуу жылы

Каралуучу маселелер:

№87 орто мектебинин  алдыңкы жылдарга карата өнүктүрүүнүн жолдорун издөө, пландоо

Ата-энелердин демилегелери

Заманбап билим алууда жана билим берүүдөгү ийгиликтер үчүн ата-энелердин салымы

 

Уктуруулардын графиктери

2019-2020-окуу жылы

1-уктуруу    1-жарым жылдык     20-сентябрь  2019-жыл

2-уктуруу    2-жарым жылдык     21-январь  2020-жыл

Бюджеттик уктуруу 2019-жыл 20-сентябрь Коомдук угуулар

2019-2020-окуу жылынын башталышы менен Алгыр-Куш коомдук бирикмеси өз ишин улантууга киришип, сентябрь айында Пост терминал боюнча келишим түзүлүп, мектептин кире беришиндеги бурчка  2-октябрь күнү  “Оңой” деген   аталыштагы пост терминалы орнотулду.  Мүчөлүк төлөмдөр Пост терминалы аркылуу кабыл алынып, банктык эсеп сентябрь айында 23400, октябрь айында 84 320 , ноябрь айында 104 450 сомду түздү.  Окуучуларды эсепке алуу жана билимдерин баалоо үчүн 63 даана класстык журнал, 63 даана тарбия журналдары, ийрим журналдары, техникалык коопсуздук журналдары, кеңсе жабдыктары  алынып, медициналык кызмат көрсөтүү кабинетине медикаменттер, дары дармек салгычтар, окуучулардын форма 63, 26 документтерин салгычтар, камел сап жана башка ушул сыяктуу нерселер менен толукталды. Санитардык эпидемиологиялык талапка ылайык  спорт залынын электр фарфор батареяларынын беттери темир тор менен тордолду. Окуу жылынын башталышы менен мектептеги ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун арттыруу  жана ата-энелерге бала тарбиялоонун сырларын өздөштүрү максатында заманыбыздын көрүнүктүү педагогу Гапыр Мадаминов Маматкул уулунун сабактары үчүн 2500 сом  төлөнүп берилди.  Сентябрь, октябрь, ноябрь айларында окуучулардын билим сапатын аныктоо максатында 7 предметтен алынган диагностикалык иштерге 8 таңгак А4 форматындагы барагы жана компьютер краскалары иштетилип,  5700 сом төлөнүп берилди.  Ата-энелердин мүчөлүк төлөмдөрдү кечиктирилип төлөнүп жаткандыктарына байланыштуу күзөт кызматынын акысы, социалдык төлөмдөр өз мөөнөтүнөн кеч төлөнүп, ноябрь айынын төлөмдөрү төлөнө элек экендигин билдирем. Жалпы 3 ай ичинде 212 170 сом келип түшүп,  сентябрь айында 23 400сом,  октябрь айында 64 090сом, ноябрь айында 106 340 сом жогорудагы айтып өткөн тармактарга сарпталды.

Отчет

             2018-2019-окуу жылында  Көзөмөлдөө кеңешинин аткарган жылдык отчету

2018-2019-окуу жылында көзөмөлдөө кеңешин де 11 киши эмгектенди. Көзөмөлдөө кеңешинин төрагасы Адыранов Талант  Токтомушевич, мүчүлөрү:   Мурзалиева Нургүл, Низалиева З.С, Киркирекова Р.М,  Алмейизова А,  Мусаев Т. Т,  Карасартов Т,  Аданов М, Турдалиева Айнура, Курманбаев У.Т, Нарботоева С.    Көзөмөлдөө кеңешинин түзгөн планын негизинде  сентябрь айында уюштуруу, толуктоо жана өздүк курамын шайлоо иштери аткарылды.  Октябрь айында демөөрчүлүк кылган ата-энелер же коомдук уюмдардан  жардам тартуу иши каралып. Социалдык жардам иретинде  турмуш шарты оор окуучуларга  психикалык-моралдык жардамдар, колдоо иретиндеги жылуу сөздөр айтылып,  ыр белектер тартууланды.   Январь-февраль айларында окуучулардын коопсуздугун коргоо максатында жол тайгакта окуучуларды жолдун жээктерине узатуу   иштери уюштурулду. Анда өз ыктыяры менен топтолгон ата-энелер  сабактар аяктагандан кийин окуучуларды жолдун жээктерине чыгарып, узатып турушту.  Кээ бир ата-энелер өз унаалары менен катуу сууктарда  аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарын үйлөрүнө жеткирип турушту.

Апрель айында ата-энелерден турган топ мектептин айланасына ишембилик өткөрүшүп, бак- дарактардын жээктерин тазалашты. Ошондой эле Келечек жаңы конушунун көчөлөрүн тазалоого жардам көрсөтүштү.

Жылы бою өз ыктыяры менен  финансылык демөөрчүлүк кылган ата-энелер  жок болгондуктан   июнь айында  көзөмөл кеңешинин  жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү. Анда  өз ыктыяры менен кышкы жазгы убактарда  коомдук иштерге катышкан ата-энелерге ыраазычылыктар билдирилди.