№87 жалпы орто билим берүү мектеби Свердлов району, Келечек конушу

Ата-энелер

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРУУНУН ЖЫЛДЫК  ПЛАНЫ 

 № Аткарылуучу иш чаралар мөөнөтү жооптуулар кайда каралат ресурстар күтүүүчү
натыйжа
 1Ата-Энелер комитетин түзүү жана иш чараларды иштеп чыгуу. Сентябрь. Мектеп администрациясы. Ата-Энелер чогулушунда. Иш чаралар. Ата-Энелер комитети түзүлөт.
Иш чара иштелип чыгылат.
 2 Ата-Энелер менен үч тараптуу келишимдерди түзүү. Сентябрь Мектеп администрациясы
Класс жетекчилер
 Класс  жетекчилер бирикмеси Үч тараптуу келишим Ата-Энелер менен келишим түзүлөт
 3Ата-Энелер үчүн “ачык эшик” жумалыгын жарыялоо. ОктябрьМектеп администрациясы.
предметтик мугалимдер.
 метод кеңешме Ачык сааттардын
иштелмелери
 Ата эне мектептин байланышы бекемделет.
 4 Аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү окуучуларды колдоо дайыма Ата-Энелер комитети.
кам көрүү кеңеши.
 өндүрүштүк кеңешме Аз камсыз болгон үй бүлөдөгү
балдардын тизмеси
 Кам көрүү кеңешинин жардамы менен материалдык жардам көрсөтүлөт.
 5Ата-Энелер арасында кароо сынак “менин балам окуган окуу классы” Ата-Энелер менен менен бирдикте спорттук иш чараларды өткөрүү жана демөөрчүлүк кылуу. апрель мектеп администрациясы.
Ата-Энелер комитети.
 Ондүрүштүк кеңешмеде Спорттук иш чаралардын иштелмелери. Ата эне мектептин байланышы бекемделет. Демөөрчүлөр көбөйөт.
 6“Билим  берүү денгээли канааттандырабы?” Ата-Энелер менен анкета жүргүзүү. май Мектеп администрациясы
Ата -Энелер комитети
 ондүрүштүк кеңешмеде анкета Ата-Энелердин  көз караштары аныкталат.Жыйынтык чыгарылат.
 7Ата- Энелер менен бирдикте түнкү рейдке чыгуу. дайыма Мектеп администрациясы.
Ата-Энелер комитети.
 ондүрүштүк кеңешмеде. Түнкү рейд графиги График боюнча рейд жүргүзүлөт
 8 Ата- Энелер арасында ар түрдүү темада лекцияларды өтүп туруу Чогулуш сайын Организаттор класс жетекчилер класс жетекчилер бирикмеси Даярдалган материалдарЧогулуш сайын ар түрдүүлекция, докладдар окулат.
 9Окуучулардын эс алуусун уюштуруу Каникул учурундаАта-Энелер комитети Класс жетекчилер бирикмеси Эс алууга чыгаруу Каникул учурунда окуучулардын убактылары туура пайдаланылат.
 10 Камкорчулар кеңешинин чогулушу Ар бир чейректин 2- жумасы Мектеп директору.
Камкөрүү кеңешинин төрагасы
 кам көрүү кеңешинин чогулушунда Кам көрүү кеңешинин отчёттору, маалыматтар Ата- Энелердин мектептинжашоосу менен тыгыз байланышта болот.

Ата-энелик укуктар жана милдеттер – ата-энелердин балдарын эресеге жеткиче тарбиялап, Картинки по запросу родители с ребенками вектор укуктары  жана милдеттери. Алар КРнын Конституциясында ж-а үй-бүлө кодексинде көрсөтүлгөн. Ата-энелик укуктар баланын төрөлүшүн жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында күбөлөндүрүлгөн документтерге негизделет. Ата-эне өз ара никеде тургандыгына же ажырашкандыгына карабастан, балдарына карата бирдей укукка ээ болуп, бирдей милдетти аткарат. Алар тарбиялоого байланышкан маселелерди өз ара макулдашып чечет, ата-эненин ортосунда чыккан талаштар өздөрүнүн катышуусу м-н атайын органдарда чечилет. Ата-эне ажырашканда бала алардын кимисинде калышын өздөрүнчө чече албаса, бул маселени баланын мүдөөсүн көздөө м-н сот чечет. Бөлөк жашаган ата же эне баланы тарбиялоого катышууга милдеттүү, ошондой эле бала м-н жолугуп турууга укуктуу. Ата-эне балдарын мектепке берүүгө милдеттүү. Мыйзамда ата-эненин укуктарын коргоо жагы да каралган: эресеге жете элек балдарды мыйзамга же соттун чечимине карабастан, бербей кармап турган адамдан аны берүүнү талап кылууга укуктуу. Ата-эне эресеге жете элек, ошондой эле эресеге жеткен, бирок эмгекке жараксыз балдары үчүн кам көрүүгө мплдеттүү (к. Алимент). Балдарын тарбиялоо б-ча өз милдеттерин аткарбай койгон ата-энеге (же алардын бирине) ата-энелпк укуктардан ажыратуу чарасы колдонулушу мүмкүн, бирок бул аларды балдар үчүн кам көрүү милдетинен бошотпойт. Ата-эне ата-энелик укуктарын калыбына келтирүүнү талап кылууга акылуу, бул маселе баланын кызыкчылыгын көздөө м-н сот тартибинде чечилет.

 

№87 ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ОРТО МЕКТЕБИНИН ЖАНА ОКУУЧУЛАРЫНЫН АТА ЭНЕЛЕРИНИН (МЫЙЗАМДУУ ӨКҮЛДӨРҮНҮН) КЫЗМАТТАШУУСУ ЖӨНҮНДӨ

КЕЛИШИМИ

                                                       №87 орто мектеби                                                                                                      «___» _________2021-ж

№87 жалпы билим берүүчү орто мектеби,биринчи тарап директор Исанова Ж.М  мектептин уставынын негизинде, экинчи тарап ата-эне (мыйзамдуу өкүлү) _атасы_______________________________________________________________________________________________________энеси____________________________________________________________________________

2017-2018- окуу жылында «______» классынын окуучусу

кызыкчылыгы үчүн учурдагы эки тараптуу келишим түзүштү.

Эки тарап мамлекеттик стандартка ылайык жашы жете элек өспүрүмдүн жалпы орто же жалпы негизги билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Мектеп өзүнүн ишмердүүлүгүндө «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын, КР Билим берүү министрлигинин типтүү жобосунун жана буйругунун, мектептин Уставынын  негизинде иш алып барат.

Мектеп төмөндөгүдөй график менен иштейт;

5-11-класстар үчүн                         башталгыч класстар үчүн

1 смена  800 1300                                                   1 смена  800 1120

2 смена  1330 1830                                                под смена  1125 1440

2 смена  1510 1830

Окуу жылынын узактыгы майрам жана каникул күндөрүн эсептебегенде 1- класстарда  33 окуу жумасын, 2-4-класстарда 34 окуу жумасын, 5-11-класстарда  экзамендик  учурду эске алуу менен 34–36 га чейин окуу жумасын түзөт.

1-класстарда сабактан узактыгы 40 минута, 2-11-класстарда 45 минутаны түзөт.

1-5-6-класстар үчүн жумасына 5 күндүк, калган класстар үчүн 6 күндүк иш тартиби бекитилди.

Тараптардын милдеттери

Мектептин милдеттери;

  1. Окуучунун интеллектуалдык, нравалык, эмоционалдык жана физикалык өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзөт жана анын жөндөмүн ар тараптуу өнүктүрөт.
  2. Окуучунун эркиндигин жана укугун коргоо кепилдигин алат.
  3. Окуучунун окуу  процесси учурунда ден соолугу жана өмүрүнө жана көрсөтүлгөн санитардык гигиеналык ченемдердин,  талаптардын, эрежелердин сакталышына жооп берет
  4. 1-11-класстардын окуучуларынын мамлекттик билим берүү стандартындагы ар бир предметтер боюнча окуу планынын чегинде акысыз   билим алуусуна кепилдик берет.
  5. Окуу планы, жүгүртмө,билим берүү программалары, окуу китептери менен окуу процесстерин уюштурууга милдетүү.
  6. Кошумча билим берүү кызматтарын; ийримдерди, психологиялык  жардамдарды  көрсөтөт.
  7. Ата энелерге (закондуу өкүлдөргө)балдарды окутуу жана тарбиялоо боюнча жардам көрсөтөт.
  8. Окуучуларга социалдык жардам жана өз убагында ар кандай конфликттик  абалдарда жардам көрсөтөт
  9. Окуучулардын сабактардан жетишүүсү, билим берүү процессинин жүрүшү жана мазмуну менен ата энелерге таанышууга мүмкүнчүлүк берүү
  10. КР мыйзамдарына ылайык аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына мектеп  мүмкүнчүлүккө жараша жардам көрсөтө алат.
  11. Мектеп администрациясы, мугалимдер, класс жетекчилер ИДН менен биргеликте  рейдке  чыгышат.

Ата  эненин милдети

  1. Мектептин Уставында жазылган талаптарды жана мектептин ички тартип эрежесин сактайт.
  2. 1-класстарды ата-эне өзү алып келип, өзү алып кетет
  3. Окуучуну сабакка кечиктирбей алып келет(1смена 740 2смена 13 10под см 1100)
  4. Баланын мектептен сырткаркы убактагы коопсуздугу ата энелерге милдеттендирилет
  5. Окуучу сабакка келбей калган учурда мектепке келип класс жетекчиге же мектеп администрациясына жазуу жүзүндө билдирет.
  6. Окуучунун дайыма мектеп формасы менен келүүсүн камсыздайт.
  7. Окуучунун ийгиликтүү билим тарбия алуусу үчүн керектүү окуу куралдары жана дене тарбия сабагында спорттук форма менен камсыз кылат.
  8. Мектеп менен биргеликте баланын сабактагы жетишүүсүн көзөмөлдөө үчүн күн сайын күндөлүктөрүн текшерип жуманын аягында кол коет.
  9. Ата энелер чогулушуна жана окуучунун окуу тарбия маселелери боюнча жекече аңгемелешүү үчүн класс жетекчи, мектеп администрациясы чакырган учурда мектепке келет
  10. Мугалимдер жана балдар менен баарлашууда этикалык,моралдык ченемдерди сактайт.
  11. Окуучунун күнөөсү менен мектептин мүлкүнө зыян келтирилген учурда мектептин ички тартип эрежесине ылайык келтирилген зыяната эне тарабынан калыбына келтирилет.
  12. Жашаган жери боюнча дареги жана телефону өзгөргөн учурда өз убагында класс жетекчиге билдирет.
  13. Кечки саат 2200 кийин эшке чыгарбоого милдеттүү.
  14. Чет өлкөгө кетип жаткан учурда балдарын туугандарыныкына таштап кетсе , баласынын коопсуздугун, бардык укуктарын сактоо милдети тапшырган кишиге милдеттендирилет.   Балдардын жоопкерчилигин өз мойнуна алган адам ата-эне менен бирге нотарустан күбөлөндүрүлгөн тил кат тапшырат. Бул учурда келишим ата-эненин ордун баскан адам менен түзүлөт.

Тараптардын укуктары

Мектептин укугу;

  1. Мектептин өнүктүрүү программасын, билим берүүнүн мазмунун, формасын, методун аныктап, окуу планын корректирлеп, окуу программасын жана окуу китептерин тандайт.
  2. Мектептин Уставына ылайык иштөө режимин аныктайт( каникулдардын мөөнөтү, сабактардын жүгүртмөсү, нөөмөттөрүн)
  3. Окуучунун сабак калтыргандыгына карабастан, окуу жүктөмүнүн толук көлөмдө аткарылышын талап кылат.
  4. Мектептин Уставынын негизинде тартип бузган учурда дисциплинардык жаза колдонот жана керектүү учурда сыйлайт.
  5. Сабактан себепсиз көп калганда, үй бүлөлүк зордук зомбулукка кабылганда, кароосуз калганда, турмуш шарты оорлогондо, одоно тартип бузганда жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясына кайрыла алат

Ата  эненин укугу

  1. Уставга ылайык мектеп турмушундагы ар кандай иш чараларга активдүү катыша алат
  2. Кошумча билим берүү кызматтарын уюштурууда жана билим берүү процессине тиешелүү өзгөртүү киргизүүдө өз сунуштарын бере алат.
  3. Мектеп администрациясынын уруксаты менен сабакка катыша алат.
  4. Ар кандай конфликтерди сүйлөшүү жолу менен чечүүдө класс жетекчинин, мугалимдин, мектеп администрациясынын иш аракетине жана чечимине макул болбогон учурда Укук бузууларды алдын алуу кенешине кайрыла алат.

Келишим эки  нускада   даярдалып, 1-окуучунун өздүк делосунда, 2-ата-эненин колунда болот.

Келишим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет

Тараптардын колдору

Мектеп директору                                                                                                                                        Ата эне:

____________