№87 жалпы орто билим берүү мектеби Свердлов району, Келечек конушу

Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Окуучуларды мектепке кабыл алуу, класстан класска которуу жана мектептен чыгаруу жөнүндө ЖОБО

  • Баланы мектепке киргизүүдөгү керектүү документтер:

    — баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (оригинал жана көчүрмө);

    — ата-энесинин же баланы караган мыйзамдуу өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;

    — ден соолугунун абалы тууралуу медициналык справка (Ф-26);

    — Баланын эмделгендиги тууралуу медициналык справка (Ф-63);

    — Баланы мектепке киргизүүдө ден соолугунун абалы тууралуу медициналык справка;

    — 3×4 сүрөт

    — Ата-энесинин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн жашаган жеринен справка.

    Балдардын баары электрондук кезекке турат, бирок биринчи бош орундарды “жеңилдик берилген” жарандар алат. Ал эми калган балдар кезектин жалпы тартиби боюнча кете берет.

  • Жеңилдик алгандар:— аскер кызматкерлеринин балдары (кызмат өтөп жаткан ата-энелер паспортунун көчүрмөсүн, аскердик күбөлүгүн, сүрөтүнүн көчүрмөсүн алып келүүсү абзел);— Кыргызстанга көчүп келген кайрылман статусу бар этникалык кыргыздардын балдары (кайрылман статусун тастыктаган документин көрсөтүшү зарыл).Жашаган жери боюнча эмес, ата-энелердин каалоосу менен электрондук кезекке турган балдар мектепте бош орун болсо гана кабыл алынат.www.mektep.edu.gov.kg сайтына киресиз. Сайт ачык, баарына жеткиликтүү, акысыз. Пилоттук долбоор 15-февралдан тарта старт алганы жаткандыктан сайт дагы 15-февралдан тарта иштей баштайт.
  • Мектепке кабыл алуу жөнүндө

    — “Арыз берүү” деген бөлүмүн басып ал жактан бош талааны толтурасыз. Электрондук кезекке турууда атасынын же энесинин же баланы караган мыйзамдуу өкүлдүн аты-жөнү, паспорттогу керектүү маалыматтары, жашаган дареги, телефон номерлери, электрондук дареги жазылып, документтердин көчүрмөсү тиркелет. Андан соң 1-класска кире турчу баланын аты-жөнү, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөгү маалыматы жазылып, документтин көчүрмөсү тиркелет. Жашаган жеринен маалымкат 1-этапта гана талап кылынат. Ал эми экинчи этапта жашаган жеринен маалымкат зарыл эмес.— Электрондук арыздарды ар бир мектептин жетекчиси өзү карап текшерет. Кокус туура эмес толтурулуп калса, үч күндүн ичинде ата-эненин электрондук дарегине билдирүү келет.

    — Мектепке электрондук каттоо системасынан “кабыл алынды” деген билдирүү келгенден кийин ата-эне 5-сентябрдан кеч калбай керектүү документтердин оригиналын ошол мектепке барып тапшырышы керек.

Для приема в первый класс необходимо предоставить следующие документы:

  • заявления родителей (законных представителей) на имя руководителя школы;
  • медицинской карты установленного образца (Ф-26, Ф-63);
  • копии свидетельства о рождении;
  • копии паспортов родителей (законных представителей);
  • документа, устанавливающего место жительства ребенка (в случае если фактическое место жительства ребенка и место регистрации, указанное в паспорте одного из родителей (законных представителей), не совпадают);
  • справки о состоянии здоровья на момент приема в школу;
  • фотография 3х4 см. (4 шт.)

Запись в первый класс детей, не проживающих на микроучастке школы, начинается 15 августа и длится до 5 сентября включительно