№87 жалпы орто билим берүү мектеби Свердлов району, Келечек конушу

Окуучуларга маалымат

САРЫК ООРУСУ

Сарык оорусу        Жугуштуу сарык оорусу (вирусный гепатит) жугуштуу оорулардын бири. Айрыкча жаш балдардын арасында бул оору кеңири жайылган.

Сарык оорусу – бул боордун вирустар жана организмдеги уулуу заттар, ошондой эле иммунитеттин төмөндөшү менен пайда болгон сезгенүүсү. Бул «А сарык» оорусу же жугуштуу сарык оору деп да аталат. Бул –жөнөкөй түрүнө кирет. Анын жугуу механизми ичеги жугуштуу ооруларына да окшош болот. Кирдеген кол аркылуу жана ооздон жугат. Вирустан улам боордун сезгенүүсү жугуштуу сарык оору деп аталат. Вирустук сарык оорусу жугуштуу оору болуп саналгандыктан, негизинен боордун ткандарын бузуп, өзүнүн функциясын аткарууга зыянын тийгизет. Азыркы учурда 1 жаштан 14 жашка чейинки балдарда вирустук сарыктын А деген түрү кездешет. Сарыктын арасында А вирустук гепатити 6 жашка чейинки балдарда 90 пайызга жакыны, 6-14 жашка чейинки балдарда 50 пайызга чейинкиси болот. Бул мектептеги жана балдар бакчасындагы балдардын санынын бир имаратта көп болушу, жай, күз айларында мөмө-жемиштерди таза жууп жебегенден улам болот. Сарык оорусу ичеги жугуштуу ооруларындай эле адамдын организмине ооз аркылуу тамак-аш жегенде жана арыктардан суу ичкенде кирет. Ошондой эле айлана-чөйрөгө оорулуунун заңы менен бөлүнүп чыгат жана ага конгон чымын- чиркейлер сарыктын таралышына жол ачып берет. Андыктан ден соолукка өзгөчө кам көрүү маанилүү. Азыркы тапта базарлардын четинде, көчөдө ар кандай тамак-аш саткандар көбөйгөн. Алардын биринде да санитардык талапка жооп бере турган кагазы жок. Демек, кайсы бир жугуштуу ооруну жугузуп албоого кепилдик жок.

Белгилери кандай болот?

Сарыкты жугузуп алгандан кийин температура 38 градустан жогору көтөрүлөт. Жүрөгү айланып, тамак ичпейт, ичи ооруйт, териси, көздөрү, заарасы саргая баштайт. Алгачкы бир жума аралыгында көп билинбейт. Ошондуктан көпчүлүк сарыкты сасык тумоо менен алмаштырып алышат. Сасык тумоодо оорулуунун температурасы түшөт, ал өзүн жакшы сезип калат. Ал эми А сарык оорусу менен ооруганда температура болбошу деле мүмкүн, оорулуунун абалы көпкө жакшы боло албайт. Оорулуу чарчап-чаалыгып, бир күндө бир нече жолу уктайт. Оорунун вирусу адамдын организмине келип түшкөндөн кийин ал 10 күндөн 35 күнгө чейинки убакытта вирустун инкубациялык мезгили кармалат, бул аралыкта дарттын белгилери пайда боло баштайт. Инкубациялык мезгил учурунда оорулуу алсырайт, тамакка табити тартпайт, кускусу келет, ичи өтөт, денесинин температурасы көтөрүлөт, териси жана көзүнүн агы саргаят, зааранын өңү кочкул тартып заңдын түсү болсо агыш  тартат. Мындай белгилер байкалса дароо ооруканага жеткирүү керек.

Тазалыкты ар дайым сактаңыз

 Сарыкты дарылаганга караганда алдын алуу бир топ оңой. Сарыктын жугуу жолдору өздүк гигиенаны сактоо менен тыгыз байланышта экендиги тууралуу жогоруда айтылды. Өзгөчө жай айларында күн ысык болуп, чымындардын тамак-ашка конуусу аркылуу адамдарга берилет. Тазалыкты сактабаган жайларда чымын көбөйөт. Алар тамак-ашка, сууга, биз колдонуп жаткан буюм-тайымдарга конот. Өзгөчө кайнатылбаган чийки сууда ал вирустар өлбөйт. Ошондуктан кайнатылган гана сууну ичүү талап кылынат. Тамак-аш таза даярдалган жайлардан гана тамактануу талапка ылайык. Жер-жемиш, жашылча-мөмөлөрдү сөзсүз түрдө тазалап жууп алып андан кийин гана пайдалануу зарыл. Эң башкысы – тамак ичердин алдында, колду самындап жууп, анан гана ичүү маанилүү экендигин унутпаңыз. Балакай эшиктен ойноп келгенден кийин сөзсүз түрдө колун самындап жуудурууга көндүрүңүз.

КУТУРМА–АДАМДЫ ӨЛҮМГӨ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ООРУ

     

№360 25-сентябрь – 1-октябрь, 2009-ж.

 

Адамдардын үрөйүн учурган кооптуу оорулардын бири – кутурма. Бул оору адамдарга эмнелерден жана кандай жолдор аркылуу жугары, оору белгилери жана башкалары тууралуу Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн жетекчиси Бектурдиев Кубанычбек баяндайт.

Оору адамдарга кандайча жугат?

Кутурма дарты менен карышкыр, ит, чөө, кирпи, уй, эшек, келемиш, түлкү, енот сымал ит, мангуст, жарганат, илбирс, суур, чымчыктар, адам, кыскасы, жылуу кандуу жандуулардын баары ооруйт. Кутурма оорусу – жугуштуу оору. Жаратылышта кутурманы козгоочу вирустар жапайы жырткычтар арасында сакталып келет.
Кутурган жаныбар адамды тиштегенде вирус шилекейи аркылуу жугат. Шилекей адамдын денесиндеги жарага түшүп же мурунга, оозго кирип кетсе да оору козголот. Айта кетчү нерсе, адамдарга көбүнчө вирус ит-мышыктардын тиштөөсү аркылуу өтөт. Ал эми ит-мышыктарга вирусту кутурган жапайы жаныбарлар жугузат.
Акыр-чикирлердин өз убагында чыгарылбаганы келемиштердин көбөйүшүнө жеткирип, алардын кутурмага кабылгандары адамдарга залакасын тийгизүүдө. Мисалы, 2009-жылдын башынан 20-сентябрга чейин өлкө боюнча 558 адам келемиштен жабыр тарткан.

Окуучуларга маалыматОорунун белгилери

Денеге кутурма вирусунун киргени 14 күндөн 90 күнгө чейинки убакта байкалат. Жашыруун өнүгүү убактысы (инкубациялык мезгил) чанда гана бир жылга созулуп кетиши ыктымал. Бул адамдын жашына, жаракат алган жерине, жаракаттын оор же жеңил экендигине байланыштуу. Мисалы, жаракат баш же бет жакта болсо кыска, ал эми бут жакта болсо оорунун өнүгүү мезгили узак убакка созулат. Ошондой эле улгайгандарга караганда жаш балдарда оору кыска убакытта өнүгөт.

Жабыркаган адам эмне кылуусу керек?

  • Кайсы жаныбар тиштебесин, жаракат алган жерин самындап жууп, анан йод же таза спирт менен сүртүүсү керек.
  • Тез арада врачка (ооруканага) кайрылып, алар чектеген дары-дармектерди алуусу зарыл.

Дарыгерге эрте кайрылуу оорунун өнүгүп кетүүсүнүн алдын ала турганын ар бир адам эске алуусу зарыл.

Оорунун өнүгүү этаптарыОкуучуларга маалымат

Оорунун өнүгүүсү 3 этапка бөлүнөт.

Башталыш этабы

Тиштелген жер ачышып, кызарып, шишип чыгат. Вирус нерв жолдору менен жүрүп отуруп, баш мээни жана жүлүндү катуу жабыркаткандыктан, адамдын ички дүйнөсүндө жана психикасында өзгөрүүлөр келип чыгат. Коркуу сезими пайда болот. Элден бекинип, көпчүлүктү жактырбай, жалгыздыкты самайт. Уйкусу бузулуп, коркунучтуу түштөрдү көрөт. Башы ооруп, алсырап, тамакка көөнү тартпайт. Тамагы ооруп, эч нерсе жута албай калат. Дене табы 37,5 градуска көтөрүлөт. Мындай абал 1-3 күнгө созулат.

Оорунун күчөгөн маалы, элирүү

Бул этап 4-7 күнгө чейин созулат жана оорулуу ээлиге баштайт. Сезүү органдары кичине таасирден эле дүүлүгө бергендиктен, адам суудан, электр жана күн жарыгынан, шамалдан, жаңырыктан, ызы-чуудан корко баштайт. Суунун шаркыраган үнү да аны талмага жеткирет. Оорусун жеңилдетиш үчүн оорулууну караңгы үйгө жаткызып, эшикти жел кирбегидей кылып ачып-жаап туруу керек. Суу түтүктөрүн жаап салган оң. Адамдын дем алуусу оорлоп, үнү бүтүп, шилекейи агып, тер басат. Дене табы 40-41 градуска көтөрүлөт. Жулунуп, катуу кыйкырып, эмеректерди талкалай баштайт. Кийимдерин айрып, эмне кылып жатканын өзү аңдай албай калат.

Шалга учуроо этабы

Ооруган адам тынчтанып, коркунуч сезими жоголот. Тамак ичип, сууну коркпой ичүүгө өтөт. Ооруган адам өзүн айыгып баратам деп ойлогону менен, бул убактылуу көрүнүш. Анан эле оорулуунун буту баспай, дене табы 42 градуска көтөрүлүп, алдастай баштайт. Жүрөгү ылдам согуп, дем ала албай калат. Бул этап адамды өлүмгө алып келүүсү толук мүмкүн.

Маалыматтарга караганда, дүйнөдө бир жылда 55000 адам кутурма оорусунан каза табат.
Кутурма оорусу мурун гидрофобия (суудан коркуу) деп аталып келген.

Кимдер эмдөөдөн өтүүлөрү керек?

• Ит үйрөтүүчүлөр (кинологдор).
• Аңчылар жана корук кызматкерлери.
• Мал доктурлар.

Кутурманын алдын-алуу

• Үйдөгү иттерди өз убагында эмдетип, эч качан бош койбоо керек.
• Адам кандай жаныбардан жапа чекпесин, тезинен доктурга кайрылуусу зарыл.
• Эгерде чөйрөдөгү кайсы бир жаныбардан кутурма чыкса, анда үйдөгү малды, итти сөзсүз эмдетүү кажет.
• Эч качан жолбун иттерди сылап-сыйпалабоо керек.

Эсиңиздерде болсун! Ооруну айыктырууга караганда, алдын-алуу оңой. Кутурма тийсе, адам 100 пайыз өлүмгө учуроосу мүмкүн экендигин унутпаңыз! медициналык жардамга кайрылгандар:

(Жаныбарлардын тиштөөсүнөн улам)

2005-жылы 11996 адам,

2006-жылы 14271 адам,

2007-жылы 16926 адам,

2008-жылы 17745 адам,

2009-жылы (6 ай ичинде) 9522 адам медициналык жардамга кайрылган.

Булардын ичинде 2005-жылы
7 адам, 2006-жылы 7, 2007-жылы 4, 2008-жылы 2, 2009-жылы 6 ай ичинде 2 адам текшерүүнүн натыйжасында, кутурма оорусуна чалдыкканы аныкталып, калгандары таза чыккан.

Жаныбарларды­н тиштөөсүнөн
жабыркагандар:

(Республика боюнча 2009-жылдын 6 айына карата)

Карышкырдан 5, түлкүдөн 15, келемиштен 558, жылкыдан 183, чочкодон 4, эшектен 4 адам жабыркаган.
Ушулардын ичинен текшерүүдөн соң 1 адам кутурмага чалдыкканы аныкталган. Бирок ал адам медициналык жардамга кеч кайрылгандыктан, көз жумган.
Айта кетчү нерсе, жаныбардын тиштөөсүнө кабылган адам элдик дарыгерлерге кайрылбай, врачка кайрылуусу керек. Анткени вакцина алган адам гана аман калат.
Республиканын бардык региондору кутурмага каршы вакцина менен толук камсыз болушкан. Жабыркагандарга медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.

Тарыхтан

Кутурма оорусу биздин доорго чейин эле белгилүү болгон.
Бул оору тууралуу баяндоолор Египет папирустарында, Индиянын ыйык китебинде, Грециянын жана Римдин жазма булактарында кездешкен.
Кутурмага каршы вакцинаны 1885-жылы француз окумуштуусу Луи Пастер иштеп чыккан. Вакцинаны ойлоп табуусуна 2 окуя себеп болгон делет.
Алгач кутурмага кезиккен жаш баланы айыктыруу максатында элдик дарыгердин ысык темир басканын көрүп, балага жаны ачып, кайгырган экен. Кийинки ирет тааныш мал доктур кутурмадан көз жумганы себеп болуптур.

Кутурма оорусуна кабылгандардын саны

жылдар

Аймактар

2005

2006

2007

2008

2009 (9айда)

Ош шаары

1

1

Ош обл.

1

3

3

Жалал-Абад обл.

4

2

2

1

Баткен обл.

1

1

1

1

Жалпы

7

7

4

2

2

Калган аймактарда кутурма оорусу аталган жылдар ичинде катталган эмес.

Кургак учуктун жугуу жолдору

Кургак учук белгилери

Кургак учукту алдын алуу