№87 жалпы орто билим берүү мектеби Свердлов району, Келечек конушу

Социалдык-психологиялык кызмат

Психологдун окуучуга берген сунушу

Менин сүйүктүү окуучум!

Билем, сен азыр кыйын кырдаалга туш келип жатасың. Эшикке чыгалбай, досторуң менен көрүшө албай, спорттук оюндарын ойной албай, төрт дубалда камалып калдың. Бирок бул убакытта өтөт, түн карангылыгынан кийин таң да атат. Биз өзүбүздүн, жакындарыбыздын саламаттыгын жогору коюшубуз керек. Азыркы көрүлүп аткан чаралар убактылуу экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Дистанттык окутуу дагы сага бир катар маселелерди түздү. Кээде интернетке кире албай, электр энергиясы өчүп калгандыктан сабакты телевизордон көрө албай, тапшырма аткаралбай калган учурларың болду. Бирок, сен андан кооптонбошуң керек, анткени кийин деле өздөштүрүп кетсең болот, ошол маалыматты китебиңен окуп, түшүнүп алсаң да болот, ошол тема боюнча башка видеосабактарды көрсөң болот.

Ата-энең менен тил табышканга аракеттен. Аларга чынын айтып, жагдайыңды түшүндүргөнгө аракет кыл. Алар дагы сен үчүн кооптонуп жаткандыгын эсиңен чыгарба.

Үйдө телефон чукуп бош отурбастан денеңдин сактыгын ойлон. Эртең менен гимнастика жаса, туура тамактан. Күн тартибин түзүп, убакытты бөлүштүрүп ал.

Ата-энеге  жардам бергенди  унутпа, алар менен чогуу бол, чогуу китеп оку, тамак жаса, виртуалдык музейлерге саякатта, кызыктуу өлкөлөрдү кыдыр, сүрөт тарт. Кагаздан, кездемеден кызыктуу буюмдарды жаса. Мурун жасайм деп көздөп койгон проектилерди ишке ашыр, тил үйрөн. Анткени айтылган нерселер пайдалуу жана сени интеллектуалдык жактан өстүрөт.

                                           Психологдун ата-энеге берген сунуштары

Азыркы дистанттык окутуу мугалимдерге, ата-энелерге, айрыкча балдарга көп кыйынчылыктарды туудуруп жатат. Баардык жаңыланүүлар башында көп кыйынчылыктар менен коштолот, андан кийин өз калыбына келет. Ал үчүн кичине сабырдуулук жана убакыт талап кылынат.                                                                                                                                                                         Балдар айлана-чөйрөдө эмне болуп жатканын угуп, көрүп, биздин тынчсызданганыбызды сезип жатышат. Аларды сооротуп, негативдүү маалыматтардан арылтып, анын жанында болууга милдеттүүбүз.Балдар азыркыдай кынчылыктар менен мурун беттешип көргөн эмес. Ошондуктан карантин убактылуу чара экенин, ооруну биз тартип менен, гигиенаны сактоо менен жеңерибизди түшүндүрүнүз.

Дистанттык окутуу бала үчүн дагы оңой болгон жок. Тапшырма аткарууда бир нече кыйынчылыктарды жаратты. Бала окуу материалдарын кийин деле өздөштүрүп кетерин эстен чыгарбаш керек. Тапшырма аткарганда балага жаман сөз айтып, урбаш керек. Анын психикасына аяр мамиле кылуу зарыл. Оору кетет, бала сени менен өмүр бою калат.

Балага күн тартибин түзүп, убактысын бөлүштүрүп бергиле.

Эртең менен аны жылуу сөздөр менен ойготуп, аны менен кошо гимнастика жасагыла. Анткени эртең менен кандай маанай менен турса, ал кечке чейин ошол маанайда болот.

Тапшырмаларды аткарганда жанында бол. Бирок өзүңдү кармап, балага түшүнбөгөнүн жай отуруп түшүндүрүп бер.

Үй жумуштарын чогуу жасагыла. Үйдү ирээтке келтирүүнү оюнга да айлантса болот.

Тамакты чогу жасагыла, аны менен кеңешип меню түзгүлө. Ден соолукка эмне пайдалуу жана зыян экендиги жөнүндө айтып берип, ал жөнүндө талкуу жүргүзгүлө.

Аны менен китеп окуу, виртуалдык музейлерге саякатта, интернет аркылуу кызыкту өлкөлөрдү кыдыр, аны менен сүрөт тарт.Кагаздан, кездемеден кызыктуу буюмдарды жасаганга үйрөт. Аны менен чогуу жаса.

Түн ортосуна калбай, убактысында уктаганга үйрөт. Эрте жатып, эрте турганда бала сергек болот.

Негизгиси балага урушуп, кыйкырып, андан күчүңүздү чыгарбаңыз. Ачууңүздү тыйганга аракет кылыңыз. Эшикке чыгып кетип, башка нерсеге алаксыганга аракет кылыңыз.

Бала сиз айткандардын баарын туурайт: сиз жасаганды жасайт, сиз айтканды айтат. Ошондуктан тарбияны өзүбүздөн баштайлы!

 

Психологдун мугалимдерге берген сунуштары

Урматтуу мугалимдер!

Бүгүнкү өзгөчө кырдаал мезгили бизге көптөгөн кыйынчылыктарды туудурбай койгон жок. Биринчиден көп убакты сарптаган сабак даярдоо, жана үй-тапшырмасын текшерүү. Кээ бир учурларда ата-эненин кырдаалды түшүнбөстүгү дагы жагымсыз жагдайларды жаратып жатат. Бирок бул жагдайларга карабастан, мугалим кесибин тандап алгандан кийин сабырдуу болушубуз керек. Бүгүнкү кундө ата-энеге да, окуучуга да, мугалимге да кыйын болду. Ошондуктан биргелеп, ынтымакта жагдайдан чыгышыбыз керек.

Ата-энелерге маалыматты туура жеткизип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Айрыкча жашоо шарты оор, же болбосо мектептин жана психологдун көзөмөлүндө ар кандай себептер менен каттоодо турган балдарга өзгөчө көңүл буруп, өзгөчө мамиле кылышыбыз керек.

Бул балдарга чалып,  ата-энесине Watsapp аркылуу байланышып, аларга моралдык жактан колдоо көрсөтүп турууну сунуш кылат элем. Ошондой эле класстарда мүнөзү оор, түнт, суицидге барууга коркунучу бар балдарды өзгөчө көзөмөлгө алыңыздар жана мага тизмесин телефондору менен берип коюнуздарды  суранам.

Дистанттык окутуу балдарды стресске учуратып, коркуу сезимин дагы жогорулатып жатат. Азыркы телевидениеде короновирус жөнүндө берилип жаткан ар кандай маалыматтарга кошулуп дистанттык окутуу боюнча кыйынчылыктар дагы баланын психикасына өз таасирин тийгизип жатат.  Ошондуктан үй-тапшырмасын берүүдө көлөмүн көбөйтүп, талапты катуу койгонго каршы элем. Тапшырма, талапты аткарбаса дагы  бизге баланын ден соолугу зарыл. Азыр түшүнбөгөн сабакты кийин түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Балага аяр мимиле кылып, аларга колдоо көрсөтүп, жылуу сөздөрдү аябайлы. Бирөөнүн баласына одоно мамиле кылуу менен бирөөнүн кырчындай болгон өмүрүн акыркы тамчы болуп кыйып албайлы.

Мектеп психологунун байланыш телефонун жана психологдордун акысыз кызматынын байланыш номерин 111 ата-энелерге жана балдарга маалымдагыла.

№87 орто мектебинин психологунун байланыш телефону 0708914323. Айдарова Жанар Өмүралиевна

                                       

№87 орто мектебине окуган окуучулардын социалдык абалы

 

Тоголок жетимЖарым жетимМайып окуучуларАз камсыз

уй-булоо

Коп балалуу

Уй-булоо

Толук эмес

Уй-булоо

Авган вет.н балдарыБаткен коог.а катышкан.н балдарыАпрел рев неблагополучнаякат.дын бал.ыТ.шарты оор (не благополучная)мигранттын балдарыСабактан кийин  иштеген окуучуларИДН  МИКЖалпы
 

7

 

108

 

 

24

 

26

 

268

 

235

 

2

 

5

 

1

 

 

 

134

 

30

 

  2

 

839

Психологдун кеңештери

БАЛАНЫ ТАРБИЯЛОО.АТА ЭНЕЛЕРГЕ КЕНЕШ! Баласын ар ким ар кандай ыкма менен тарбиялайт. Анан туура эмес нерсе жасап койгон баласын «эмнеге баланчанын баласы мындай, сен андай эмессиң?» деп жемелейт. Чындыгында бала кандай болсо, ал түздөн-түз ата-эненин өзүнөн көз каранды экенин көпчүлүк ата-энелер капарына ала беришпейт. Карама-каршы тарбия Үй-бүлөдө кээде эки башка тарбия орун алышы мүмкүн. Ата өзү каалагандай тарбиялоого аракет кылат, эне өз билгениндей ошого карама-каршы тарбия бергенге умтулат. Анын айынан үйдө ачык эле карама-каршылыктар, өчөшүүлөр көп орун алат. Мисалы, атасы уруксат берген нерсеге апасы кайра тыюу салып коёт. Мындай тарбиянын жыйынтыгы баланын өзүнө ишенимсиз болуп калышына алып келет. Мындан тышкары ал бала өзүнүн ички дүйнөсү менен келише албаган, бардык иште туруксуз, эң негизгиси калпычы болуп калыптанып калат. Катуу мамиле Айрым үй-бүлөлөрдө ата-эне балдарын катуу кармоого аракет кылат. Бул, адатта чегинен чыгып кетет, балдарынын туура эмес кылган майда нерселери же укпагандары үчүн катуу жаза колдонулат. Мындай үй-бүлөдө чоңойгон балдар уруп-согууга эле дуушар болбостон, психологиялык жактан да басынышат. Башкача айтканда, катуу сөздөрдү угушат. Мунун натыйжасы баланын агрессивдүү болуп чоңоюшуна алып келет. Эмоциясыз тарбия Тарбиянын бул түрүндө муздактык басымдуулук кылат. Башкача айтканда балага ата-эненин көңүл буруусу, кам көрүүсү жетишсиздик кылат. Натыйжада, ата-эне менен баланын ортосунда эмоция жок болот. Мындай тарбияда чоңойгон бала эмоцияга жарды, өзүн баалоосу төмөн болуп калат жана өзүн жалгыз сезе берет. Бирок мындай балдардын көпчүлүгү окууда ийгиликтерге жетишет. Кам көрүүнүн жетишсиздиги Кээ бир үй-бүлөлөрдө балага ата-эненин кам көрүүсү, көзөмөлү жетишсиздик кылат. Баланын кызыгуусуна, жасаган иштерине маани берилбей кала берет. Мындай тарбияда чоңойгон балдар өз алдынчалуулукка эрте жетишет. Мунун жаман жагы – тарбия жетишсиз болуп калат да, айланасындагы адамдардын терс таасирлеринин тийип калуу коркунучу жогору болот. Аёо Тарбиянын бул түрү баласы көпкө созулган же өнөкөт оорудан жапа чеккен үй-бүлөлөрдө кездешет. Анткени үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары ооруган баласынын көзүн карашат, анын айтканын айткандай жасаганга аракет кылышат. Бара-бара бала да ушундай мамилеге биротоло көнүп алат. Эмнеге жетишпей калса анын баарын оорусуна шылтайт. Кийин оорусунан айыкканда деле айланасындагылардын аёосуна, кам көрүүсүнө көнүп алат да, анда өзүмчүлдүк сапат пайда болот. Ошондой эле мындай балдарда өз алдынча бир нерсеге умтулуу аракети болбойт. Сүйүү Ата-энелер балдарын сүйүшөт, анын кызыкчылыктарын түшүнүүгө аракет кылышат. Ага туура жана калыс мамиле жасоого умтулушат. Баласынын демилгесин колдойт, бала татаал абалга туш келип калса, андан чыгууга жардам берет. Ата-эне эмоционалдык жактан сабырдуу болуп, бардык нерсени акыл калчап тынч чече билет. Үй-бүлөдөгү башкаруу стили демократиялуу. Мына ушундай тарбияда чоңойгон баланын келечеги кең болушуна толук негиз бар. Анткени бул бала туура тарбияда чоңойду. Ашыкча кам көрүү Мындай учурда балага кам көрүү, аны көзөмөлдөө, жасаган иштерине аралашуу өтө эле чектен чыгып кетет. Адатта бул иштебей үйдө отурган кожойкелердин бала тарбиялоо стили болуп эсептелинет. Алар муну менен өздөрүн «идеалдуу эне» көрсөткүсү келет, бирок кемчилик кетирип жаткандарын өздөрү сезишпейт. Кемчилик болгонунун себеби, такай ата-энесинин көзөмөлүндө жүргөн баланын өз алдынча болууга үйрөнүшү кыйын болот. Мындай ата-энелер кичинекей кыйынчылыктардан баласын бошотуп, аны өз моюндарына алышат, баланын бардык талаптарын аткарышат. Убагында жакшы сезилгени менен бала чоңойгондо мындай тарбиянын бир топ эле зыяны тиет. Анткени бул балдар көпчүлүк менен тил табыша албай кыйналышат, өз алдынча бир нерсени жасай алышпагандыктан, жашоодо ийгиликке жетүүлөрү кыйын болот. Балдарга айтууга болбогон айрым сүйлөмдөр Балдарыбызды тарбиялоодо колдонуп жүргөн айрым фразаларды психологдор балдарга карата колдонбоону сунушташат. “Агаңдан (эжеңден) үлгү ал”. Башка бирөө менен салыштыруу баланы өзүнө ишенбөөчүлүк сезимге алып барат. Ошондой эле бул нерсе кызганчаактыкты жана балдар арасындагы атаандаштыкты жаратат. “Атаңдан (апаңдан) сурайбыз, коё тур”. Жоопкерчиликти түгөйүңүзгө түртө коюу балаңыздын сизди укпай калышына себеп болот. “Эгер мени укпасаң, желмогузду чакырам”. Коркуу баланын психикасына жаракат келтирип, коркунучтуу түштөрдү көрүүсүнө алып келет. Мындан тышкары мунун баары жалган экенин билгенде балаңыз сизге ишенбей калат. “Бол батыраак, болбосо, таштап кетип калам”. Балдар жалгыздыктан коркушат. Аларды тынчсыздандыруу туура эмес. “Бул оңой эле. Эмнеге сен жасай албай жатасың?” Балаңыздын өзүнө-өзү баа берүүсүн бузбаңыз. Мындай суроо алардын кыжырын келтирип, “мен эч качан эч нерсе жасай албайм” деген өзүнө ишенбөөчүлүк сезимди туудурат.