Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр үчүн баланы мектепке кабыл алуу тууралуу арыз берүүнүн кадамдык нускамасы
Мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт.
Биринчи этап: 11-апрелден 27-июнга чейин – катталган жери боюнча.
Экинчи этап: 27-июндан 10-сентябрга чейин – учурда жашап жаткан жери боюнча.
Арыз берүү үчүн төмөндөгү маалыматтарды ырааты менен толтуруңуз:
1. Баланын кимиси экениңизди көрсөтүңүз?
- Атасы;
- Апасы;
- Мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).
2. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тууралуу маалыматтар:
- Жарандыгы;
- Жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);
- Уюлдук телефон номери;
- (Логин жана пароль келе турган) негизги электрондук почтасы;
- Кошумча электрондук почтасы (Электрондук почталар каттоо жазуусун калыбына келтирүү үчүн зарыл);
- Жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).
3. Бала тууралуу маалыматтар:
- Баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, туулган датасы, жынысы;
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери.
4. Мектепти тандоо:
Биринчи этап боюнча:
- Каалаган окутуу тили;
- Ата-энесинин катталган дареги боюнча системада тийиштүү мектеп автоматтык түрдө көрүнөт.
Экинчи этап боюнча:
- Каалаган окутуу тили;
- Областы/шаары;
- Арыз ээси бош орундар болгон учурда каалаган мектепти тандай алат.
5. Арыз берерден мурда толтурулган маалыматтарды көрүп чыгуу:
- Арыз берерден мурда арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү талап кылынат;
- Арызыңыз тастыкталгандан кийин сиздин электрондук почталарыңызга мектепке кабыл алуу үчүн арыз ийгиликтүү берилгендиги тууралуу билдирме жөнөтүлөт.