Ак калпак күнү
Мектепте Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленди. Ак калпак күнү Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. 11-а классы мектеп окуучулары үчүн даярдаган Ак калпак күнүнө карата кечесинде Ак калпактын тарыхы турасында кенен баяндашты.
Ак калпак тарыхынан
Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарга, жумушка, кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кийишет.
Айтмакчы, учурда түрдүү иш-чараларда, майрамдарда ижара калпак тартуулоо салтка айланып барууда. Ал эми Кыргызстан спортчуларынын эл аралык спорт мелдештериндеги параддык формаларына сөзсүз түрдө калпак кирет.
Ак калпак — тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестет. Кыргыздардын «Манас» эпосунда да Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө десек болот, аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт, эки колдоп гана чечүү керек, илгери кыргыздар жерге койбой бийигирээк же жанына коюп алышкан. Кыргыз өз калпагын сатпайт, бирөөгө бербейт, бир гана мурас катары берсе болот. Калпакты жоготсо же бирөөгө берсе анда адам кадыр-баркынан, акылынан жана аброюнан ажыраган болот деп айтылат.
Кечени даярдаган окуучулардын бардыгы баштарына ак калпактарды кийишип, кыргыз ырларынын коштоосунда кечени жыйынтыкташты.
Комментарии