Ак калпак жана улуттук кийимдер
Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 29-июнундагы «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» токтомун киргизип, 5-мартты — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган. №87 орто мектебинде «Кылым карыткан-ак калпак» аттуу иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Свердлов райондук Билим берүү борборунун начальниги Н.О.Байгулов катышты. Ак калпак кийүүнүн тартиби, ыйыктыгы, баш кийимдин маанилүүлүгү боюнча окуучуларга кеңири маалымат берилди . Салтанаттуу иш-чарада окуучулар, калпак жөнүндө көркөм ырларды, патриоттук жеке номерлерди, кыргыз элинин улуттук бийлерин, комуз күүлөрүн, кыргыз эл жомогун аткарып беришти. Слайд аркылуу окуучулар сахнага калпакты даңазалоо максатында көргөзмөгө чыгышты. Иш-чаранын соңунда, окуучулардын «Кыргызстаным» аттуу хору менен жыйынтыкталды.
Комментарии