Билим берүүнү өнүктүрүү программалары
Борбордук Азия Университетинин Билим берүүнү өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасында 20 жалпы билим берүүчү мектептер менен иш алып барууда. Программанын алкагында окуучулардын табигый илимдер, математика, информатика жана аңглис тили сабактарын окуудагы күтүлүүчү натыйжаларын чогултуу; алардын алдыңкы улуттук, регионалдык, эл аралык университеттерге кирүү үчүн зарыл болгон билимдерге, ык-машыгууларга, көндүмдөргө ээ болууларына жардам берүү болуп саналат. Бишкек шаары боюнча №87 орто мектеби Билим берүүнү өнүктүрүү программасы менен иш алып барууда. Учурда 13 мугалимге «Көйгөйгө багыттап окутуу» туурасында 20 сааттык сабак өткөрүлүүдө. 12-октябрда өткрүлгөн 1- сабакта окутуунун жүрүшүндө мисалдарды күнүмдүк турмуштан алып пайдалануунун жолдору каралды.
Комментарии