Чейректин башталышына карата даярдыктар
2020-жылдын 1-апрелинен тартып предметтик мугалимдер 3-чейректин аягында ѳтүлбѳй калган сабактарын Zoom программасы аркылуу окутуп башташты. Онлайн сабактар мектеп администрациясы түзгѳн жүгүртмѳгѳ ылайык, окуучуларга онлайн аркылуу иштѳѳдѳгү талаптарды сактоону эске алуу менен окутулууда. Окутуунун алгачкы күнүндѳ окуучулар ѳз активдүүлүктѳрүн кѳрсѳтүшүп, техника менен иш алып баруудагы жѳндѳмдүүлүктѳрүн кѳрсѳтѳ алышты. Класс жетекчилер окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы туурасында ѳз классынын тайпасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, санитардык- гигиеналык норманы кынтыксыз аткарууга, үйдѳн чыкпоого үгүттѳшүүдѳ. Ошондой эле 2-А классынын окуучулары “Өлбѳс каттар-согуш чындыгы” сынак-акциясына катышып, бардык класстарда “Таажы” вирусу туурасында позитивдүү маанайдагы кыска мүнѳттүк видео роликтер жасалды. Мегаком мобилдик компаниясы тарабынан 80 мугалимге сим караталар таркатылып, 1-11-класстан онлайн сабакка катышууга мүмкүнчүлүгү бар окуучулар такталды. 2020-жылдын 8-апрелинен тартып аралыктан окутуу бардык класстарда уюштурулат.
Комментарии