Дистанттык окутууга даярдык кѳрүү
Мамлекетибизде убактылуу ѳзгѳчѳ кырдаал киригизилгендигине байланыштуу педагогикалык жамаат окутуунун жүрүшүн дистанттык формада улантууну 2020-жылдын 1-апрелинен баштайт. Окуучуларды аралыктан окутууда Zoom, Google Classroom программаларын пайдаланышып, тесттик тапшырмаларды уюштуруу жана текшерүү үчүн да кошумча программаларды колдонушат. 2020-жылдын 4-чейрегиндеги каралган план-программа боюнча ѳтүлүүчү сабактардын сааттары жана күндѳрү класс жетекчи тарабынан окуучуларга кабарланат. Ата-энелерден баласынын онлайн сабактарга катышуусун камсыздап берүүсүн ѳтүнѳбүз.
Комментарии