«Физикалык активдүүлүк» станциясы
«Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун алкагында мектептин 4-б-классы «Физикалык активдүүлүк» станциясын ата-энелери менен биргеликте өткөрүштү. «Физикалык активдүүлүк» станциясына 12 эне 32 окуучу катышты. Аталган станцияда спорттук оюндар:
1. Эстафета -Апасы менен баласы жетелешип чуркоо
2. Обруч менен секирүү
3. Картошка экмей ( баласы тигет, апасы жыйнап келет )
4. Кап менен секирүү
5. Топ беришип чуркоо
6. Аркан тартыш оюндары 2 топко бөлүнүү жолу менен мелдеш формасында өткөрүлдү. «Физикалык активдүүлүк» станциясына ата-энелер жогорку деңгээлдеги даярдыктар менен келишип, өз балдарын дени сак жашоого үндөөгө салым кошо алышты. Мелдештин жыйынтыгын 4-б классынын класс жетекчиси Шадыманова Гүлмайрам жана дене тарбия мугалими Эсеналиев Жаныш Мадирайимовичтер чыгарып, жеңүүчүлөрдү грамоталар менен сыйлашты.
Комментарии