Күз мезгили орус тили жана адабияты усулдук бирикмесинде
2022-жылдын 10-октябрынан 20-октябрь аралыгында орус тили жана адабияты усулдук бирикмесинин декадасы болуп өттү. Декаданын ачылышында аткарыла турган иштер жана конкурстар туурасында жарыяланып, “Алтын күз” деген темада 9-11-класстын окуучулары даярдаган презентация менен ачылды. Декаданын жабылышында “Күз мезгили” деген темада жыйындар залы окуучулардын кол эмгектери менен толукталып, дубал газеталар илинди. Жаратылыштан алынган нерселерден жасалган буюмдар жана жан-жаныбарлар үчүн атайын бурч уюштурулду. 3-4-класстын окуучулары түстүү барактардын жардамында “Күзгү этюд” деген темада жалбырактарды даярдашты. 6-класстар арасында “Көркөм окуу” конкурсу жарыяланып, окуучулардын чыгармачылык эмгектери чагылдырылды. Мугалимдер өздөрүнүн тажрыйбаларын жайылтуу менен бирге окуучулардын орус тилине болгон кызгууларын ойготуп, сүйлөө речтеринин калыптаныштарына басым жасашты.
Комментарии