“Келечекке кадам” жаштар уюму
Окуучулардын интеллектуалдык деңгээлдерин жана чыгармачылык жөндөмдөрүн жогорулатуу максатында, “Керемет Холдинг” билим берүүчү уюмунун колдоосу астында “Келечекке кадам” аталышындагы клубдун ачылышы 2022-жылдын 15-декабрында болуп өттү. Клубдун ачылышына 9-10-11-класстардын окуучулары жана мугалимдер жамааты катышып, окуучулардын алдыга койгон максаттары, келечектеги тандаган кесиптери жана пландары айтылды. Клубка мүчө катары 8-9-10-11-класстын окуучулары катыша тургандыгын, тил үйрөнүү, эркин баарлашуу сыяктуу иш чараларга активдүү катышуулары керектиги маалымдалды. “Керемет Холдинг” билим берүүчү уюмунун жетекчиси Бекназаров Жакшылык мектеп ичиндеги мыкты жетишкендиктерге жетишкен, алдыңкы окуучуларга кызыктыруучу сыйлактар бар экендигин жана талыкпай билим алуу менен көптөгөн ийгиликтерге жетүүгө боло тургандыгын айтып, мотвация берди.
Комментарии