Мекенди коргоо ыйык милдет
Мектепте Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленүүдө. Буга чейин Советтик Армиянын күнү деп белгиленип келген 23-февраль, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталып, майрамдалып келет. Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө 10-а классы майрамдык кече уюштурушуп, баатырлардын эрдиктерин чагылдырган номерелерди, ырларды, көркөм окууларды окушту. Ошондой эле «Эр энеден туулат, эли үчүн өлөт. Коёнду камыш, эрди намыс өлтүрөт. Жолборс изинен кайтпайт, жигит сөзүнөн кайтпайт. Чептен эрдин күчү бек. Булбул гүлзарын сүйөт,адам мекенин сүйөт. Ата Журтуңду Манастай сүй. Ала-Тооңо Кошойдой күй. Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт. Байлык жерден чыгат,баатыр элден чыгат. Булбул гүлзаарын сүйөт,адам ,адам мекенин сүйөт» деген макалдар менен «Ата Мекенди коргоо ыйык милдет» аттуу кечесин жыйынтыкташты. Кечени 10-а классынын класс жетекчиси Мусабекова Бермет Болотбековна жетектеди.
Комментарии