МИФ биздин жашоо
2020-жылдын 31-январында Так илимдер усулдук бирикмесинин декадасы «МИФ биздин жашоо» деген темада жабылды. Декаданынын жабылышына мугалимдер жана 7-8-9-10-11-класстын окуучулары катышып, Так илимдерге кызыккан окуучулардын таланттары тартууланды. Санариптештирүү жылына карата бир нече номерлер техникалык түзүлүштөрдүн жардамында көрсөтүлүп, окуучулар башкаруучу кызматтарды аткарышты. Мисалга компьютер технологиясынын жардамында Рентген нурлары аркылуу снимоктун чыгышы, программалоо тилдеринин жардамында примитивдерди чийүү сыяктуу практикалык иштер көрсөтүлдү. 5-6-класстардын окуучулары так илимдердин мазмунун камтыган көркөм ырларды аткарышып, декаданын башталышында жарыяланган конкурстардын жыйынтыктары чыгарылды. Эң мыкты деп табылган эмегектер Так илимдерге таандык болгон окуу кабинеттерине коюлду. Декаданын жүрүшүндө өз активдүүлүктөрүн көрсөткөн окуучулар мектеп администрациясы тарабынан «Ардак грамоталар» менен сыйланышты.
Комментарии