Ремонт
РЕМОНТ
Свердлов районундагы №87 жалпы билим берүү орто мектебинде 2023-2024 окуу жылына карата оңдоп- түзөө жана ремонт иштери жогорку деӊгээлде жүргүзүлдү. Жалпылап айтканда, ар бир кабинеттерде ремонт иштери жасалды ошондой эле жыйын залында актап сырдоо иштери жүргүзүлдү. Мамлекет тарабынан бɵлүнгɵн каражатка толугу менен мектеп кабинеттери, залдар мектептин спорт залы капиталдык ремонттон өттү. Спорт залдын терезелери, дубалдары тазалоо иштери жүргүзүлүп жана эшиктери алмаштырылып, полдору сырдалып, кээ бир жерлерлеринде оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Мектеп ажаатканаларынын абалы начар болгондугуна байланыштуу 2022-2023-окуу жылында Бишкек шаарынын Сверлов райондук Билим берүү башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык-курулуш башкармалыгы тарабынан оңдоп түзөө иштери жүргүзүлдү. Ички трубалары толугу менен алмаштырылып, жаңы кол жуучу раковиналар, кол кургатуучу апараттар орнотулуп, эштери алмаштырылды.
Комментарии