“Согуш отун кечкен баатырларга таазим!”
15-февраль Советтик жоокерлердин Афган жергесинен чыгарылышына 31 жыл толгондугуна карата 2020-жылдын 17-февралында 10-б классы “Согуш отун кечкен баатырларга таазим!” деген аталышта жолугушуу кечесин өткөрүштү. Жолугушууга “Келечек” конушунун тургуну, согуш отун өз көзү менен көрүп келген, ветеран – Жумадылов Үсөнбай агайыбыз катышты. Үсөнбай агай балдарга Ооган согушу жөнүндө, ал жактагы көргөн күндөрүн эске салып балдарга маек куруп берди. Согуш отун кечкен баатырларды эскерүү максатында окуучулар көркөм ырларды айтышып, согуш темасын чагылдырган сценка аткарышты. Кеченин этегинде обончу аткаруучу Сыймык Бейшекеевдин калемине таандык болгон “Офицерлер” ырын хор ырдашты. Жумадылов Үсөнбай окуучулардын эмгектерине, эскерүү күнүн уюштургандыктарына ыраазычылыгын билдирди.
Комментарии