Өспүрүм кыздардын гигиенасы
Мектептин медициналык кызматкери Каримова Изатай “Өспүрүм кыздардын гигиенасы” деген темада 5-6-класстын окуучу кыздарына лекция сабак өттү. Окуучу кыздарга күн сайын физкультура менен машыгуу, үзгүлтүксүз тамактануу, уйкуну туура кандыруу адам баласы үчүн зарыл гигиеналык шарттар болуп эсептелинери туурасында баяндап. Кийим-кечекти, турак жайды таза күтүү, ошондой эле тамак-аш даярдоодо гигиеналык талаптарды сактоо керектигин маалымдады. Кыздарды тырмактын алдында бактериялар көп чогулгандыктан, колду дайыма таза жууп турууга, тери таза болушу үчүн денени дайыма жылуу суу менен жууп, самынды көп колдонууга багыт берди.
Комментарии