Жол эрежесин билип жүр!
Урматтуу балдар!
Жол эрежелерин билүү жана аларды сактоо биздин өмүрүбүздүн, ден-соолугубуздун коопсуздугу үчүн керек!
Жалгыз аяк жол– бул түз эмес, машиналар бара албаган жерлерде, адамдар басып жүрүүчү жол.
Тротуар – бул чон шаарларда же трассалардын жанында жөө адамдар жүрө турган жол.
Трасса – бул автомашиналар үчүн, атайын даярдалган, үстүнө асфальт төшөлгөн жер тилкеси.
Темир жол – бул поезддер жана трамвайлар үчүн жасалган жол.
Аба жолдору – самолеттор жана вертолеттор үчүн жол.
Жер астындагы жана жер үстүндөгү машиналар көп кесилиштерден өтүү үчүн жөө адамдарга жасалган жол.
- Жөө адамдар тротуарлар менен гана жүрүшү керек. Алдынан чыккан адамга жолтоо болбоо үчүн, дайыма тротуардын оң жак чети менен басуу керек.
- Шаардын сыртындагы жол менен жүргөндө, келе жаткан автомобилди өз убагында көрүп, ага жол бер.
- Эгерде сен айыл жеринде жашасаң, машиналар көп өтүүчү жерлерден өтө сак бол.
- Эгерде автобустан же машинадан тушсөң, жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөргө барып өтүү керек.
- Эгерде өткөөлдөр жок айыл жеринде болсо, арт жагынан же өтүп кеткенден кийин гана өтүү керек.
- Көчөлөрдүн кесилиши – жөө адамдар үчүн өтө коркунучтуу жер. Ал жерлерден жөө адамдар өтүүчү өткөөл аркылуу өтүү керек.
- Ал жерлерде «зебра» деп аталып, белгиленген өткөөлдөр бар.
- Жолдон өтүү үчүн адегенде солду кара, эгер жакындап келе жаткан машина жок болсо, өтсөң болот.
- Жолдун ортосуна жеткенде, оңду кара, эгер машина болсо, токтоп тур, ага жол бер
- Көчөдөн өтүп жатканда светофорго көңүл бур!
Комментарии