Кыздар кеңеши
№87 орто мектебинде «Кыздардын саламаттыгы» деген темада кыздар кеңеши өткөрүлдү. Анда кыздардын санитардык-гигиеналык талаптарды сактай билүүсү, ден-соолугуна кам көрүүсү жана жаш өзгөчөлүгүнө жараша организимиде өзгөрүп туруучу көрүнүштөр туурасында айтылды. Кыздар кеңешине мектептин мед айымы, класс жетекчилер, химия, биология мугалимдери катышып, өз ойлорун тажрыйбаларын жайылтышты.
Комментарии