Турунтаева Калбү Амировна

учитель кыргызского языка

Турунтаева Калбү Амировна 1963-жылы 21-майда туулган. Эмгек жолун  Токтогул районундагы Карл Маркс атындагы орто мектебинде иштөө менен баштаган. 1992-жылы Ю.Гагарин(Н.Бримкулов болуп өзгөргөн)атындагы орто мектепке которулган.
1994-жылы Токтогул району боюнча өткөрүлгөн»Жылдын мыкты мугалими»сынагына катышып 2-орунга ээ болгон.
2010-жылдан бери Бишкек шаарындагы №87-орто мектебинде иштеп жатат. 2012-жылы Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын»Ардак грамотасы»менен сыйланган.
2016-2017-окуу жылында 10-класстын окуучусу Уран к Айзада кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча райондук олимпиага катышып (4-орун)кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду.
2016-2017-окуу жылында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өткөн «Түрк дүйнөсү:дүйнөлүк көркөм маданият»аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга мектептин 11-классынын окуучусу Капарбекова Адина «Кыргыз ысымдарынын жана аты-жөнүнүн сөздүк түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү»аттуу илимий баяндама жазып1-орунду алып,1-даражадагы медаль,диплом,сертификат менен сыйланып келди.
2017-2018-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча райондук олимпиадада 10-класстын окуучусу Рысбекова Айдай 3-орунду,Нурланбек к Наргиза4-орунду,11-класстын окуучусу Уран к Айзада 3-орунга ээ болушту.
2017-2018-окуу жылында Бишкек шаары боюнча Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Президент сүйлөйт»аттуу шаардык интеллектуалдык таймашта 11-класстын окуучусу Бекназаров Жакшылык катышып,баш байгени жеңип келди