Кыздардын наздуулугун, назиктигин, аруулугун коргоо. Кыздар чогулушу
Кыргыз элинде «кызга кырк үйдөн тыюу» — деп айтылгандай. Мектеп ичинде кыз балдардын өздөрүн алып жүрүү тартиби, өз наздуулуктарын, кадыр -барктарын сактоо, кыргыз элинин байыртан калган кыз кишинин адебине таандык иш -аракеттерин сактоо максатында 2019-жылдын 15-феварль күнү №87 орто мектебинде кыздар чогулушу өткөрүлдү. Анда мектеп директору Исанова Жаӊыл Муталиповна кыздардын жүрүм-турумдары, кийим кийүү адеби, сырт келбеттин тыкандыгы жана баалуу зер буюмдарды тагынуу адеби туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле коомдо болуп жаткан терс кѳрүнүштѳрдѳн оолак болуу максатында сүйлѳѳ адеби, улуу-кичүүлѳргѳ карата мамиле, коопсуздукту сактоо туурасында да маалыматтар айтылды. Мектеп ичиндеги үлгүлүү деп таанылган кыздардын чыгармачылык эмгектери кѳрсѳтүлүп, кыздардын толук кандуу, татыктуу тарбиялануусуна багыт берилди. Чогулушка Жаш ѳспүрүмдѳр иштери боюнча инспектор да катышты.
Комментарии