Кызамык
— вирустар козгоочу катуу кармама жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2 — 10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16—21 күн
Кээде эти ысыбайт, жалпы абалы начарлабайт. Көп учурда белгиси билинбей өтөт. Адатта оору кабылдабайт. Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот. Кызамык менен кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу, себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. Айрыкча 3 айга чейинки кош бойлуу аялдар ооруганда көп учурда тубаса өсүү кемтиги пайда болот. Кош бойлуу аялдар акыркы айларында кызамык менен ооруса балада аз кандуулук байкалат, ички органдары жабыркайт. Мындай балдар 18 жана андан көп айга чейин вирус бөлүп чыгарып, оору жуктурат.
Дарылоонун жолдору
Дарылоону үйдө врач жүргүзөт. Оорулуу баланы тынч жаткыруу, жеңил сиңүүчү тамак берүү талапка ылайык. Оорунун алдын алуу үчүн оорулууну өз убагында соо адамдан бөлүп, өздүк гигиенаны сактоо зарыл. Боюнда бар аялдар мурда кызамык менен оорубаган болсо оорулуу менен жолугууга болбойт.
Кызамыктын тарыхы
Эң биринчи жолу кызамыкты 1740-жылы немис терапевти Ф. Хофман баяндап жазган. 1881-жылы бул оору расмий түрдө өзүнчө нозологиялык формада белгиленген. 1938-жылы жапон изилдөөчүлөрү инфекциянын табияты вирус экендигин далилдешкен. Кызамыктын козгогучу 1961-жылы бир эле убакытта бир нече окумуштуулар: П. Д. Паркман, Т. X. Уэллер и Ф. А. Невой менен табылган. 1941-жылы австриялык изилдөөчү Н. Грегг кызамык менен ооруган эненин түйүлдүгүнүн кадыресе нормадан тайпылуусун баяндаган. Эң көп жолугуучу кадыресе нормадан тайпылуусу- челкөз (катаракта), жүрөктүн кемчилиги жана дүлөйлүк. Мунун баары “Тубаса кызамыктын классикалык синдрому” деген атка бириктирилишкен.
СУУ ЧЕЧЕК
Суу чечекти эл арасында ветрянка деп коюшат. Бул оору күз-кыш мезгилдеринде күчөйт. Аталган оору боюнча Ош шаардык №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун балдар дарыгери Айсалкын Ражапова маалымат берет.
Суу чечек (ветрянка, ветряная оспа) балдардын жугуштуу ооруларына кирет. Аба аркылуу жугат. Ооруну вирус козгойт. Башка вирустар сыяктуу эле бул вируска да антибиотик таасир эте албайт. Бирок баланын иммундук системи бир нече күндөн кийин бул оору менен өзү күрөшүп айыгып кетет. Ар бир адам бул оору менен өмүрүндө бир жолу ооруйт жана ооруп айыккан балада туруктуу иммунитет пайда болот. Жаш балдар чоңдорго караганда бул ооруну жакшы көтөрөт. Чоңдордо бул оору катуу түрдө өтүп, оорунун кабылдоосуна алып келет. Ошондуктан бала канча эртерээк ооруса ошончолук жеңил өтөт.
Суу чечек жаш балдарда өз алдынча өтөт
Суу чечек менен көбүнчө 9 жашка чейинки балдар ооруйт. Ооруну оорулуу бала жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, дем алганда козгогучту бөлүп чыгарып, жугузат. Оору башталганда бала ысытмалайт, алгач чачтын арасына, кулак түбүнө, денеге кызыл бүдүрлөр чыгат. Көздүн, кулактын, ооздун ичине жана ички органдарга да бүдүрлөр чыгат. Денеге чыккан бүдүрлөр суюктукка толуп ыйлаакчага айланат, кычышат. 3-5 күндөн кийин жаңы ыйлаакча чыкпай калат, андан кийин ыйлаакчалар кургап, карттанып, 1-3 жума ичинде түшө баштайт. Кээде тактар узак убакытта кетиши мүмкүн. Бул оорунун өзгөчөлүгү -оору өзү башталып, өзү кайтып кетет жана бир ооруп айыккан бала бул оору тууралуу таптакыр «унутат». Болгону ата-энелер балага бул маалда өзгөчө кам көрүп, тамагына жакшылап көңүл буруу зарылдыгын билүүлөрү шарт. Башта айтып өткөндөй бир жолу ооруп айыккан балада бул ооруга каршы туруктуу иммунитет пайда болот да экинчи жолу оорубайт.
Кабылдоосу
Суу чечектин жаш балдар арасында кабылдоосу сейрек кездешет. Көбүнчө бөйрөк, өпкө жана кулакка таасир этет. Ыйлаакча көздүн тунук кабыгына чыкса кератит, тамак көңдөйүнө чыкса ларингит болуусу мүмкүн. Кабылдоолор байкалса ооруканага жаткырууга туура келет. Бирок жаш балдарда кабылдоолор аз кездешет.
Эгерде суу чечек байкалса
Балада суу чечектин алгачкы белгилери билинери менен дарыгерге кайрылуу зарыл. Дарылоо үй шартында дарыгердин көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Адатта вируска каршы препараттар колдонулбайт. Дарыгер оорунун симптомуна карап дарыларды жазып берет. Кокус кабылдоолор байкалса ооруканага жөнөтөт.
Оорулуу баланы жакшылап багуу керек. Ыйлаакчалардын пайда болушу адатта дене табынын көтөрүлүшү менен коштолот, андыктан аны төшөккө жаткырып, ич кийимин бат-бат алмаштыруу зарыл. Тырмактарын алып, колун тез-тез самындап жууп туруу керек, анткени денеси кычышканда кир колу менен тырмаса ыйлаакчаларга инфекция кирип кетиши мүмкүн. Кычышууну басаңдатуу үчүн ыйлаакчаларга бриллиант жашылын (зеленка) сыйпоо керек. Ыйлаакчаларды жарганга болбойт, себеби кийин так калып калат. Оорулуу баланы таза абага күнүгө алып чыгып, шамал тийбеген жерге, балдардан оолак кармоо зарыл. Баланын эти ысыбай, жаңы ыйлаакча пайда болбой, эски бүдүрлөр карттангандан кийин сыртка чыгарууга болот.
Мүнөздөп тамак ичирүү да маанилүү. Жаш бала эти ысыганда тамакка табити жоголот, оору күчөгөндө, өзгөчө кичинекей балдар кусуп, ичи өтөт. Бул учурда бат-бат суюктук берүү керек. Ал оозунун ичи ооругандан тамак иче албай кыйналса суюк тамак берүү керек (мисалы, жашылчалардан жасалган шорпо, сүт ботко). Туздалган, ышталган, кычкыл, майлуу тамактарды берүүгө болбойт. Жашылча-жемиштерди, сүт азыктарын, кайнатылган, чала куурулган тамактарды берсе болот. Жумуртка, балык, бал, цитрус жемиштерин, тоок этин бербей эле турган оң.
Баланын ичи өтсө дарыгер келгенче тамак бербей, кайнаган суу, жылуу чай, шербет сыяктуу суюктуктарды көп ичирүү зарыл. Оорулуу бала жаткан бөлмөнү желдетип, таза кармоо керек.
Балаңызга көз салыңыз…
Ноябрь айында биздин эмканада суу чечек менен 3 бала катталды. Бул оору сезондуу, көбүнчө күзүндө пайда болот. Бала бакча, мектеп сыяктуу балдар жыш болгон жерлерден жугат. Бирок суу чечек менен бир эле жаш балдар ооруйт деген да туура эмес. Чоңдор арасында да кездешет бул оору. Мисалы, бир жылы студенттер арасында жайылган. Адамдын кайсы курагында оорушу анын иммунитетине көз каранды. Биз оору катталган учурда санэпидстанцияга кабарлайбыз. Санэпидкөзөмөл кызматы оору чыккан жерлерди каттоого алып, 21 күн бою байкоо салып турушат.
Суу чечек денени кычыштырат. Андыктан баланы бешинчи күндөн баштап бир аз марганцовка кошулган сууга жуунта берсе болот. Самын колдонбой турган оң. Ич кийимдерин тез-тез алмаштырып, жууп үтүктөө зарыл. Улам чыккан бүдүргө жашыл бриллиант эритмесин (зеленка) сүйкөгөндөн башка суу чечекке каршы дары жок.
Суу чечектин белгилери
Варицелла-зостер вирусу, адамга аба аркылуу жугуп мурунга, ооз көңдөйүнө былжырлуу катмарды пайда кылат да ал жерде көбөйүп, топтолот. Бул – суу чечектин жашыруун өнүгүү мезгили болуп эсептелет жана 5-21 күнгө чейин уланат (орточо 7-14 күн).
Жетишерлик көлөмдө топтолгон соң вирус ал жердеги коргонуу тосмосун бузуп өтүп, канга кошулат. Бир суткадан кийин адамда оорунун алгачкы белгилери башталат:
• ысытмалайт;
• калтырап, титирейт;
• алсырап, табити качат, башы ооруйт;
• кусушу, ичи өтүшү мүмкүн;
• денеге майда бүдүрлөр чыга баштайт.
ЭГЕР БАЛАНЫЗ УУРУЛУК КЫЛСА…
КУТУРМА–АДАМДЫ ӨЛҮМГӨ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ООРУ
№360 25-сентябрь – 1-октябрь, 2009-ж.
Адамдардын үрөйүн учурган кооптуу оорулардын бири – кутурма. Бул оору адамдарга эмнелерден жана кандай жолдор аркылуу жугары, оору белгилери жана башкалары тууралуу Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн жетекчиси Бектурдиев Кубанычбек баяндайт.
Оору адамдарга кандайча жугат?
Кутурма дарты менен карышкыр, ит, чөө, кирпи, уй, эшек, келемиш, түлкү, енот сымал ит, мангуст, жарганат, илбирс, суур, чымчыктар, адам, кыскасы, жылуу кандуу жандуулардын баары ооруйт. Кутурма оорусу – жугуштуу оору. Жаратылышта кутурманы козгоочу вирустар жапайы жырткычтар арасында сакталып келет.
Кутурган жаныбар адамды тиштегенде вирус шилекейи аркылуу жугат. Шилекей адамдын денесиндеги жарага түшүп же мурунга, оозго кирип кетсе да оору козголот. Айта кетчү нерсе, адамдарга көбүнчө вирус ит-мышыктардын тиштөөсү аркылуу өтөт. Ал эми ит-мышыктарга вирусту кутурган жапайы жаныбарлар жугузат.
Акыр-чикирлердин өз убагында чыгарылбаганы келемиштердин көбөйүшүнө жеткирип, алардын кутурмага кабылгандары адамдарга залакасын тийгизүүдө. Мисалы, 2009-жылдын башынан 20-сентябрга чейин өлкө боюнча 558 адам келемиштен жабыр тарткан.
Оорунун белгилери
Денеге кутурма вирусунун киргени 14 күндөн 90 күнгө чейинки убакта байкалат. Жашыруун өнүгүү убактысы (инкубациялык мезгил) чанда гана бир жылга созулуп кетиши ыктымал. Бул адамдын жашына, жаракат алган жерине, жаракаттын оор же жеңил экендигине байланыштуу. Мисалы, жаракат баш же бет жакта болсо кыска, ал эми бут жакта болсо оорунун өнүгүү мезгили узак убакка созулат. Ошондой эле улгайгандарга караганда жаш балдарда оору кыска убакытта өнүгөт.
Жабыркаган адам эмне кылуусу керек?
- Кайсы жаныбар тиштебесин, жаракат алган жерин самындап жууп, анан йод же таза спирт менен сүртүүсү керек.
- Тез арада врачка (ооруканага) кайрылып, алар чектеген дары-дармектерди алуусу зарыл.
Дарыгерге эрте кайрылуу оорунун өнүгүп кетүүсүнүн алдын ала турганын ар бир адам эске алуусу зарыл.
Оорунун өнүгүү этаптары
Оорунун өнүгүүсү 3 этапка бөлүнөт.
Башталыш этабы
Тиштелген жер ачышып, кызарып, шишип чыгат. Вирус нерв жолдору менен жүрүп отуруп, баш мээни жана жүлүндү катуу жабыркаткандыктан, адамдын ички дүйнөсүндө жана психикасында өзгөрүүлөр келип чыгат. Коркуу сезими пайда болот. Элден бекинип, көпчүлүктү жактырбай, жалгыздыкты самайт. Уйкусу бузулуп, коркунучтуу түштөрдү көрөт. Башы ооруп, алсырап, тамакка көөнү тартпайт. Тамагы ооруп, эч нерсе жута албай калат. Дене табы 37,5 градуска көтөрүлөт. Мындай абал 1-3 күнгө созулат.
Оорунун күчөгөн маалы, элирүү
Бул этап 4-7 күнгө чейин созулат жана оорулуу ээлиге баштайт. Сезүү органдары кичине таасирден эле дүүлүгө бергендиктен, адам суудан, электр жана күн жарыгынан, шамалдан, жаңырыктан, ызы-чуудан корко баштайт. Суунун шаркыраган үнү да аны талмага жеткирет. Оорусун жеңилдетиш үчүн оорулууну караңгы үйгө жаткызып, эшикти жел кирбегидей кылып ачып-жаап туруу керек. Суу түтүктөрүн жаап салган оң. Адамдын дем алуусу оорлоп, үнү бүтүп, шилекейи агып, тер басат. Дене табы 40-41 градуска көтөрүлөт. Жулунуп, катуу кыйкырып, эмеректерди талкалай баштайт. Кийимдерин айрып, эмне кылып жатканын өзү аңдай албай калат.
Шалга учуроо этабы
Ооруган адам тынчтанып, коркунуч сезими жоголот. Тамак ичип, сууну коркпой ичүүгө өтөт. Ооруган адам өзүн айыгып баратам деп ойлогону менен, бул убактылуу көрүнүш. Анан эле оорулуунун буту баспай, дене табы 42 градуска көтөрүлүп, алдастай баштайт. Жүрөгү ылдам согуп, дем ала албай калат. Бул этап адамды өлүмгө алып келүүсү толук мүмкүн.
•Маалыматтарга караганда, дүйнөдө бир жылда 55000 адам кутурма оорусунан каза табат.
•Кутурма оорусу мурун гидрофобия (суудан коркуу) деп аталып келген.
Кимдер эмдөөдөн өтүүлөрү керек?
• Ит үйрөтүүчүлөр (кинологдор).
• Аңчылар жана корук кызматкерлери.
• Мал доктурлар.
Кутурманын алдын-алуу
• Үйдөгү иттерди өз убагында эмдетип, эч качан бош койбоо керек.
• Адам кандай жаныбардан жапа чекпесин, тезинен доктурга кайрылуусу зарыл.
• Эгерде чөйрөдөгү кайсы бир жаныбардан кутурма чыкса, анда үйдөгү малды, итти сөзсүз эмдетүү кажет.
• Эч качан жолбун иттерди сылап-сыйпалабоо керек.
Эсиңиздерде болсун! Ооруну айыктырууга караганда, алдын-алуу оңой. Кутурма тийсе, адам 100 пайыз өлүмгө учуроосу мүмкүн экендигин унутпаңыз! медициналык жардамга кайрылгандар:
(Жаныбарлардын тиштөөсүнөн улам)
2005-жылы 11996 адам,
2006-жылы 14271 адам,
2007-жылы 16926 адам,
2008-жылы 17745 адам,
2009-жылы (6 ай ичинде) 9522 адам медициналык жардамга кайрылган.
Булардын ичинде 2005-жылы
7 адам, 2006-жылы 7, 2007-жылы 4, 2008-жылы 2, 2009-жылы 6 ай ичинде 2 адам текшерүүнүн натыйжасында, кутурма оорусуна чалдыкканы аныкталып, калгандары таза чыккан.
Жаныбарлардын тиштөөсүнөн
жабыркагандар:
(Республика боюнча 2009-жылдын 6 айына карата)
Карышкырдан 5, түлкүдөн 15, келемиштен 558, жылкыдан 183, чочкодон 4, эшектен 4 адам жабыркаган.
Ушулардын ичинен текшерүүдөн соң 1 адам кутурмага чалдыкканы аныкталган. Бирок ал адам медициналык жардамга кеч кайрылгандыктан, көз жумган.
Айта кетчү нерсе, жаныбардын тиштөөсүнө кабылган адам элдик дарыгерлерге кайрылбай, врачка кайрылуусу керек. Анткени вакцина алган адам гана аман калат.
Республиканын бардык региондору кутурмага каршы вакцина менен толук камсыз болушкан. Жабыркагандарга медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.
Тарыхтан
Кутурма оорусу биздин доорго чейин эле белгилүү болгон.
Бул оору тууралуу баяндоолор Египет папирустарында, Индиянын ыйык китебинде, Грециянын жана Римдин жазма булактарында кездешкен.
Кутурмага каршы вакцинаны 1885-жылы француз окумуштуусу Луи Пастер иштеп чыккан. Вакцинаны ойлоп табуусуна 2 окуя себеп болгон делет.
Алгач кутурмага кезиккен жаш баланы айыктыруу максатында элдик дарыгердин ысык темир басканын көрүп, балага жаны ачып, кайгырган экен. Кийинки ирет тааныш мал доктур кутурмадан көз жумганы себеп болуптур.
Кутурма оорусуна кабылгандардын саны | |||||
жылдар | |||||
Аймактар | 2005 | 2006 | 2007 | 2008 | 2009 (9айда) |
Ош шаары | 1 | 1 | – | – | – |
Ош обл. | 1 | 3 | 3 | – | – |
Жалал-Абад обл. | 4 | 2 | – | 2 | 1 |
Баткен обл. | 1 | 1 | 1 | – | 1 |
Жалпы | 7 | 7 | 4 | 2 | 2 |
Калган аймактарда кутурма оорусу аталган жылдар ичинде катталган эмес.
Уникальный сайт. На нем собраны все учебники и учебные пособия, видео и аудио по всем предметам с 1 по 11 класс. Очень советую.
school-collection.edu.ru/catalog/pupil
Два просто замечательных сайта по физике. Все темы представлены очень интересно, вам точно понравится:
youtube.com/user/nowchpok
youtube.com/channel/UCzWnF-3UWAGNeK5fIkBmahg
Английский
List-english.ru — тщательная подборка и классификация материалов по изучению английского: онлайн-словари, школы, форумы, переводчики, репетиторы, тесты, школьные учебники, видеокурсы, игры, программы для Android, iPhone, YouTube-каналы, подкасты и многое другое. Все бесплатно.
Englishtips.org — море учебников и книг для скачивания. Хорошо работает поисковая система. Найти можно все.
Britishcouncil.org — сайт Британского Совета. Тесты, грамматика, игры и многое другое. Все на английском, поэтому начинающим будет сложновато ориентироваться, но попробовать стоит.
Bbc.co.uk — разнообразные материалы для изучения современного, живого языка.
Real-english.com — довольно продвинутый сайт с уроками, статьями и видео. Перед тем как начать изучать, выберите «русский язык» на главной странице.
Eslpod.com — добротный ресурс из Калифорнии. Главная его задача — обучение английскому как второму языку. Возможность скачать и поработать с огромным количеством подкастов с распечатками и словарями.
Elllo.org — это «бомба» для преподавателей и студентов среднего уровня. Немного сложная навигация. Но суть в том, что собраны подкасты со всего мира на разнообразные темы. Живой язык с распечатками и объяснениями (все на английском). Можно сравнить произношение из Канады, Англии, Австралии и т.д.
Разное
Теперь немного о том, что в ближайшее время будет проходит в городе. Советую периодически просматривать этот сайт. Очень хорош.