1-сентябрь-Билим күнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков биздин мектепте конокто болду. Анда билим берүү системасын санариптештирүүгө карата жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Мектепте окуучулардын келип-кетүүсүн каттап турган электрондук системасы (турникет), мектеп окуучуларынын жетишкендиктери жөнүндө электрондук күндөлүк, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен онлайн сабактарды өткөрүүгө карата шарттардын түзүлүүсү, класстардагы интерактивдүү такталар менен жабдылышы көрсөтүлдү. 1-класстын окуучулары үчүн бардык зарыл болгон санитардык талаптар эске алынган, класста социалдык дистанцияны сактоо менен бир партада бирден гана окуучу отурат. Биринчи класстын окуучулары менен баарлашууда Мамлекет башчысы аларды Билим күнү менен куттуктап, мектепте окуунун башталышы алардын жашоосундагы жаңы барак экендигин белгиледи. Ошондой эле, Президент 2-7-класстын окуучуларынын онлайн билим алуу процесси менен таанышып, алар менен баарлашты жана окууларына ийгилик каалады.
Комментарии