№87 жалпы орто билим берүү мектеби Свердлов району, Келечек конушу

Сабактардын иштелмелери

Орус тили сабагы боюнча сабактын иштелмеси

Тарых сабагынын иштелмеси

Дүйнө тарыхы сабагынын иштелмеси

Информатика сабагынын иштелмеси

Англис тили 5-класс

Англис тили

Химия сабагынын иштелмеси 9-класс

Сабактын темасы:  Электролиттер жана

              электролит эместер.                                                                     Мугалим:   Наркозиева А.Т      Сабактардын иштелмелери

  1. Старттык эксперимент

а) Колдонуучу каражаттар: Элекрод, лампочка,

стакан, айнек таякчасы,

жарым өткөргүчтөр, суу, туз,

гальваникалык батерея

б) Иштин жүрүшү:

Электродду сууга салсак лампочка күйбөйт. Электродду туздун суудагы эритмесине салса лампочка күйөт.

  1. Байкоолор;

а) Электрод,стакан,суу, туз, өткөргүчтөр,айнек таякчасы.

б) Электродду сууга салды.

в) Лампочка күйгөн жок.

г) тузду сууда эритти.

д) Туздуу сууга электродду салганда лампочка күйдү.

  1. Тандалган байкоолор.

а)Электродду сууга салганда лампочка күйгөн жок.

б) Электродду туздуу эритмеге салганды лампочка күйдү.

  1. Суроолор.

а) Эмне үчүн электродду сууга салганда лампочка күйгөн жок?

б) Эмне үчүн электродду туздун эритмесине салганда лампочка күйдү?

  1. Божомол (гипотеза).

а) Сууда жетишерлик ток өткөрүүчү иондор болбосо керек.

б) Туздуу сууда ток пайда кылуучу иондор болушу мумкүн.

в) Кээ бир заттарда электр тогун ташуучу бөлүкчөлөр жок болсо керек.

  1. Эмне изилденет.

а) Органикалык заттардын электр тогун өткөрүмдүүлүгү.

б) Органикалык эмес заттардын электр тогун өткөрүмдүүлүгү.

7.Текшерүүчү эксперимент.

Окуучулар эки топко бөлүнөт.

1-топко тапшырма: Б-1,Г-1.С-1 Органикалык заттардын электр тогун өткөрүмдүүлүгү. Суроо-1.(заттар: кант, аспирин,ун) суу,стакан,айнек таякчасы,электр тогун текшерүүчү прибор.(ватман, клей, маркер, кагаз)

2-топко тапшырма:  Б-2, Г-2, С-2.  Органикалык эмес заттардын электр тогун өткөрүмдүүлүгү. ( заттар: аммоний хлориди, туз кислотасы, кальцийдин гидроксиди) суу, стакан, айнек таякчасы, электр тогун текшерүүчү прибор.(ватман,клей,маркер,кагаздар)

  1. Презентация.

1-топ: Берилген заттарды сууда эритишип электр тогун өткөрүмдүүлүгүн текшеришти да төмөндөгүдөй жыйынтыкка келишти.Демек органикалык заттар электр тогун өткөрбөйт.

2-топ:   Берилген заттарды сууда эритмеси электр тогун өткөрүмдүүлүгүн текшеришти. Аммоний хлоридинин суудагы эритмеси электр тогун өткөрөт:

NH4CI → NH4+ + CI   электр тогун өткөрөт

HCI → H++CI    электр тогун өткөрөт

Са(ОН)2 → Са2++2ОН акиташ суусу электр тогун өткөрбөйт

  1. Жаңы билим.

 а) Эксперименттин негизинде электр тогун өткөрүүчү заттарга аммоний тузунун суудагы эритмеси,туз кислотасынын эритмеси электр тогун өткөрөрүн билдик.

б) Кээ бир заттар жана органикалык заттар электр тогун өткөрбөөсүн аныктадык. Аларга кант,ун, акиташ суусу.

  1. Жыйынтык.

Балдар силер жаңы билимдин негизинде электр тогун өткөрүүчү жана электр тогун өткөрбөөчү заттар бар экенин жана кайсы зат электр тогун өткөрөт, кайсынысы өткөрбөйт билдиңер. демек заттар экиге бөлүнөт:

а) Эритмеси электр тогун өткөрсө электролиттер деп аталат.

б) Эритмеси электр тогун өткөрбөгөн заттар электролит эместер деп

аталат.

Балдар бүгүнкү өткөн темабыз «Электролиттер жана электролит эместер».

11.Окуучуларды балоо.

  1. Тапшырма: